КОМЕДИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОМЕ́ДИЯ</b> ( | <b type='title'>КОМЕ́ДИЯ</b> (грекче kõmõdia) – драмадагы жанр, күлкүлүү, тамашалуу жана сатиралык мазмунда­гы драмалык чыгарма; <i>трагедиянын</i> карама-­каршысы. Байыркы Грекияда «комедия» термини адегенде шайыр ыр деген маанини туюндурга, финалы бактылуу аяктаган чыгарманы комедия деп аташкан. Комедиянын каарманы, эреже катары, тө­мөнкү катмардагы адамдар болгон. Классицизм­ге чейинки көп поэтикаларда комедия «пас» жанр катары каралган. Комедия XIX кылымда, айрыкча XX кылымда эркин жана көп кырдуу жанрга айланган. Комедияда | ||
күлкүлүү, тамашалуу | |||
адегенде шайыр ыр деген маанини | |||
финалы бактылуу аяктаган чыгарманы | |||
катары каралган. | |||
эркин | |||
[[File:КОМЕДИЯ24.png | thumb | Т. Абдумомунов, «Машырбек үйлөнөт». Машырбек – | [[File:КОМЕДИЯ24.png | thumb | Т. Абдумомунов, «Машырбек үйлөнөт». Машырбек – М. Токтобаев, Шакыйна – К.Муратова. 1977.]] | ||
М. Токтобаев, Шакыйна – К. Муратова. 1977.]] | коомдук идеалга же ченемге сыйбаган терс көрүнүштөр, кыял-жоруктар сындалат, шыл­дыңдалат, ошондуктан ага <i>юмор, ирония, сати­ра</i> да мүнөздүү болуп, кандайдыр бир мазмун сыйдырылат. Комедиянын диапазону өтө кеңири: ал саясий сатирадан жеңил водевилдик юморго че­йинки жанрды камтыйт. Коомдук-саясий сати­раны жараткан Аристофанды комедиянын атасы деп аташат. Дүйнөлүк адабиятта комедиянын өнүгүшүнө анын классикалык үлгүлөрүн жараткан грек Менандр, римдик Теренций, испан Лопе де Вега, англис У. <i>Шекспир</i>, француз <i>Мольер</i>, орус А. С. <i>Грибое­дов</i>, Н. В. <i>Гоголь</i>, А. Н. <i>Островский</i>, А. П. <i>Че­хов</i> жана башкалар зор салым кошту. Кыргыз драматургиясында комедия жанрын калыптандырууда жана өнүктүрүүдө кыргыз адабиятынын көрүнүктүү чебер­лери К. <i>Жантөшев</i> («Ким кантти?»), Р. <i>Шү­күрбеков</i> («Эки дос»), М. <i>Алыбаев</i> («Курорттогу окуя»), Т. <i>Абдумомунов</i> («Машырбек үйлөнөт») жана башкалар комедияга кайрылышты. | ||
коомдук идеалга же | |||
өнүктүрүүдө кыргыз | |||
Ад.: <i>Штейн А. Л.</i> Веселое искусство комедии. М., | Ад.: <i>Штейн А. Л.</i> Веселое искусство комедии. М.,1990; <i>Андреев М. Л.</i> На границах комедии. М., 2002. | ||
1990; <i>Андреев М. Л.</i> На границах комедии. М., 2002. | |||
[[Категория:4-том, 353-402 бб]] | [[Категория:4-том, 353-402 бб]] | ||
11:16, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОМЕ́ДИЯ (грекче kõmõdia) – драмадагы жанр, күлкүлүү, тамашалуу жана сатиралык мазмундагы драмалык чыгарма; трагедиянын карама-каршысы. Байыркы Грекияда «комедия» термини адегенде шайыр ыр деген маанини туюндурга, финалы бактылуу аяктаган чыгарманы комедия деп аташкан. Комедиянын каарманы, эреже катары, төмөнкү катмардагы адамдар болгон. Классицизмге чейинки көп поэтикаларда комедия «пас» жанр катары каралган. Комедия XIX кылымда, айрыкча XX кылымда эркин жана көп кырдуу жанрга айланган. Комедияда

коомдук идеалга же ченемге сыйбаган терс көрүнүштөр, кыял-жоруктар сындалат, шылдыңдалат, ошондуктан ага юмор, ирония, сатира да мүнөздүү болуп, кандайдыр бир мазмун сыйдырылат. Комедиянын диапазону өтө кеңири: ал саясий сатирадан жеңил водевилдик юморго чейинки жанрды камтыйт. Коомдук-саясий сатираны жараткан Аристофанды комедиянын атасы деп аташат. Дүйнөлүк адабиятта комедиянын өнүгүшүнө анын классикалык үлгүлөрүн жараткан грек Менандр, римдик Теренций, испан Лопе де Вега, англис У. Шекспир, француз Мольер, орус А. С. Грибоедов, Н. В. Гоголь, А. Н. Островский, А. П. Чехов жана башкалар зор салым кошту. Кыргыз драматургиясында комедия жанрын калыптандырууда жана өнүктүрүүдө кыргыз адабиятынын көрүнүктүү чеберлери К. Жантөшев («Ким кантти?»), Р. Шүкүрбеков («Эки дос»), М. Алыбаев («Курорттогу окуя»), Т. Абдумомунов («Машырбек үйлөнөт») жана башкалар комедияга кайрылышты.
Ад.: Штейн А. Л. Веселое искусство комедии. М.,1990; Андреев М. Л. На границах комедии. М., 2002.