КОМАНДОР АРАЛДАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОМАНДО́Р АРАЛДАРЫ Тынч океан м-н Бе­ринг деңизинин чегинде. Камчатка крайында. Аянты 1,8 миң км2. Бийикт. 755 мге чейин. Төрт аралдан турат: Беринг, Медный, Топорков ж-а Арий Камень аскасы. Кристаллдык тоо тектер­ден түзүлгөн. Рельефине жапыз кырка тоолор ж-а массивдер мүнөздүү; алардын капталдары тик келип, дарыя, агын суулардын капчыгай­лары м-н өтө тилмеленген. Жер титирөө болуп турат. Климаты субарктикалык океандык. Кы­шы жылуу, нымдуу, кар арбын түшөт, жайы салкын, бүркөк, катуу шамал болот. Августтун орт. темп-расы 10°С, февралдыкы –4°С. Жыл­дык жаан-чачыны 1500 ммдей. Океан шалбаа­сы ж-а тоо тундрасы басымдуу; айрым өрөөндө­рүндө жапалак тал, четин, таш кайың өсөт. Ты­быттуу ит балыктын, ышкырыктуу суу жол­борстун жатагы; жээктери канаттуулардын түнөгү. Деңиз промысели, аңчылык чарбасы бар.
Калктуу пункту – Никольский (Беринг а-нда). 1741-ж. К. а-нда алгачкы жолу болгон капи­тан-командор В. Берингдин экспедициясынын урматына аталган.