КОЛЫМА ТҮЗДҮГҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОЛЫМА́ ТҮЗДҮГҮ – Якутиядагы аккумуля­циялык зор түздүк. Түн.-Чыгыш Сибирде, Ко­лыма д-нын төмөнкү агымында жайгашкан. Алазея ж-а Юкагир бөксө тоолорунун аралы­гында 750 кмге созулуп жатат. Жеринин бети начар тилмеленген, деңиз деңг. 100–300 м би­йикте, дөбөлүү. Бардык жеринде көп жылдык тоң ж-а жер алдындагы калың (50 м) муз кат­марынын таралышы рельефтин тоң-термокарст­тык формаларынын пайда болушуна шарт түзөт. Климаты катаал, кескин континенттик. Тайыз чакан көлдөр ж-а саздар көп. Табигый ланд­шафттарынын ичинен тайганын түн. чегиндеги саздашып, куурап бараткан кара карагайлуу сей­рек токой, түндүгүндө токойлуу тундра (ольха бадалы, тал, кайың), о. эле кочкар тибиндеги тундра ж-а арктика ландшафттары м-н алма­шат. Бугу жайыты, мергенчилик, балык уулоо өнүккөн.