ГИДРОСФЕРА: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГИДРОСФЕ́РА ''' (''гидро''… | '''ГИДРОСФЕ́РА ''' (''гидро''… жана ''сфера'') – Жер шарындагы бардык суу объектилеринин жыйындысы. Океандар менен деӊиздердин жана кургактыктагы ж. б. суу объектилерин (дарыя, көл, саз) бүт камтыйт. Ага жер астындагы суулар, уюлдардагы муздар, бийик тоолордогу мөӊгүлөр, жаан-чачын, тирүү организмдердин денесиндеги суулар кирет. Суулардын көбү океан менен деӊиздерде (96%), ал эми жер астында 2%, Арктика жана Антарктикадагы көп жылдык муз менен карда 2%. Гидросферанын жалпы массасында кургактыктагы суулардын үлүшү эӊ эле аз, бирок жер бетиндеги тиричилик үчүн алардын мааниси зор. Гидросфера суулары ''атмосфера, жер кыртышы'' (литосфера) жана ''биосфера'' менен дайыма өз ара тыгыз байланышта. Бул байланыштын натыйжасында суунун Жер шарындагы айланышы жүрөт. Жер бетиндеги азыркы тиричилик адегенде гидросферада башталып, кийин палеозой заманынын башталышында гана кургактыкка өткөн. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:47, 23 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
ГИДРОСФЕ́РА (гидро… жана сфера) – Жер шарындагы бардык суу объектилеринин жыйындысы. Океандар менен деӊиздердин жана кургактыктагы ж. б. суу объектилерин (дарыя, көл, саз) бүт камтыйт. Ага жер астындагы суулар, уюлдардагы муздар, бийик тоолордогу мөӊгүлөр, жаан-чачын, тирүү организмдердин денесиндеги суулар кирет. Суулардын көбү океан менен деӊиздерде (96%), ал эми жер астында 2%, Арктика жана Антарктикадагы көп жылдык муз менен карда 2%. Гидросферанын жалпы массасында кургактыктагы суулардын үлүшү эӊ эле аз, бирок жер бетиндеги тиричилик үчүн алардын мааниси зор. Гидросфера суулары атмосфера, жер кыртышы (литосфера) жана биосфера менен дайыма өз ара тыгыз байланышта. Бул байланыштын натыйжасында суунун Жер шарындагы айланышы жүрөт. Жер бетиндеги азыркы тиричилик адегенде гидросферада башталып, кийин палеозой заманынын башталышында гана кургактыкка өткөн.