КОЛЧЕДАНДАР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОЛЧЕДАНДАР , (гр. Chalkedon – Кичи Азиядагы байыркы грек колониясынын атынан), к о л ч е д а н к е н т а ш т а р ы – негизинен күкүрттүү минералдардан (сульфиддерден) турган кенташтын жалпы аты. Курамында пирит, пирротин, марказит, айрым учурда халькопирит, борнит, сфалерит, галенит, барит минералдары кезедешет. Спилит-кератофир, диабаз-альбитофир сыяктуу жанартоо чөкмөлөрүнөн орун алат. Каралжын сланец формациялары м-н тыгыз байланышкан. Бир өңчөй массадан же чачыранды бүртүкчөлөрдөн турат. Тарамдашкан, линза, шток, кабат түрүндө жолугат. Жез м-н күкүрт к-тасы өндүрүлөт. Кээде алтын, күмүш, коргошун, цинк, кадмий, висмут, селен, теллур, барий, күкүрт алынат. Жездин дүйнөлүк запасынын 10%ин К. берет. Ири кендери Карелия, Бурятия, Казакстан, Кавказ, Урал, Курил а-дары, Кырг-н ж. б. жерлерде кездешет. Кырг-ндагы Ачык-Таш күкүрт колчедан кени
(Кыргыз Ала-Тоосу) ж. б. буга мисал болот. Дүйнө жүзүндөгү эң ири кени болуп Испаниядагы
Рио Тино кени эсептелет. Андан 3 миң жыл
ичинде 200 млн т кен казып алынган, 5 млн т жез өндүрүлгөн.
Ад.: Колчеданные месторождения мира /Под ред. В. И. Смирнова. М., 1979.