КОЛХИДА ОЙДУҢУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОЛХИ́ДА ОЙДУҢУ , Р и о н и о й д у ң у Грузиянын батышында. Кара деңиз жээгин (Су­хуми ж-а Кобулети ш-нын аралыгын), Риони ж-а Ингури д-нын төмөнкү агымдарын ээлейт. Батыштан чыгышка 100 км аралыкка созулат.
Үстү тегиз, деңизди көздөй жантайыңкы аллю­вий түздүгү. Бийикт. 150 мге чейин (чыгышын­да). Минералдуу суу булактары чыгат (Цхолту­бо). Климаты нымдуу субтропиктик; кышы жумшак, жайы ысык; январдын орт. темп-расы 4,5–6°С, августтуку 23–24°С. Жаан-чачын жыл мезгили б-ча бир калыпта мол (жылдык орт. өлчөмү 1400–1900 мм) жаайт. Палеостоми көлү бар. Ыраң-дүйүм чөптүү ж-а камыштуу саздак ландшафт басымдуу. Саздак жерлери кургаты­лууда. Реликт болуп эсептелген каңдагач (оль­ха) бадалдары өсөт. Көтөрүңкү жерлерин жазы жалбырактуу (лианалуу) ж-а дайыма жашыл бадалдуу токой ээлейт. Субтропик өсүмдүктөрү (цитрус, чай, тунг ж. б.) өстүрүлөт. Колхида ко­ругу бар. Аймагында 1987-ж. алаамат суу кап­тоо болгон.


Ад.: Колхидская низменность: природные ус­ловия и социально-экономические аспекты / Под. ред. Г. Г. Сванидзе. Л., 1989.