КОЛОНИАЛИЗМ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОЛОНИАЛИ́ЗМ – экон. жактан начар өнүккөн өлкөнү, аймакты ж-а элди согуштук, саясий же экон. кысымдын жардамы м-н мамлекеттер тобунун эзүүсү ж-а көз каранды кылуусу. «К.» термини 1960-жылдарга чейин Европанын өнүккөн өлкөлөрү (15-к-дын аягынан) ж-а АКШнын (19- к-дан) Азия, Африка, Латын Америка, Австралия ж-а Океанияга, о. эле Япониянын (20- к-дын 1-жарымында) Океания ж-а Чыгыш Азияга жүргүзгөн үстөмдүк системасын мүнөздөө үчүн колдонулат. К. системасы Улуу геогр. ачылыштар доорунда калыптанган. 15–20-к-да Британия империясы ж-а Германия, Испания, Нидерланд, Португалия, Франция колониялык империялар болгон. 15–19-к-да К. системасы үчүн башка өлкөлөрдү зордоп басып алуу ж-а талоо, басып алынган аймактар м-н соода жүргүзүүдө монополия түзүүгө умтулуу, эзүүнүн кулчулук формаларын тамырлатуу ж. б. мүнөздүү болгон. Бул мезгилде колониялык саясат атайын түзүлгөн компаниялар аркылуу жүргүзүлгөн (к. Ост-Инд компаниялары). 19-к-дын 2-жарымынан колонияларды эксплуатациялоодо эквивалентсиз соода алмашуу чоң ролду ойногон. 19-к-дын аягында көз каранды аймактар ж-а колониялар метрополиянын тикеден-тике мамл. көзөмөлүнө өткөн. 1914-ж. жер шарындагы калктын 60%и, аймактын 66,8%и колонияга ж-а көз каранды өлкөлөргө айланган. Колонияларда улуттук-боштондук кыймыл күч алган. Ири державалардын ортосундагы колонияларды кайра бөлүштүрүү үчүн күрөш биринчи дүйнөлүк согуштун чыгышын шарттаган. Бүгүнкү историографияда К. өзүнүн өнүгүшүндө төмөнкү этаптарды басып өткөн система катары каралат: 1) Улуу геогр. ачылыштар доорунан Европадагы «эски тартип» кризис дооруна чейин. Европадан тышкары аймактарды (Америкадагы испаниялык ж-а португалиялык конкисталар) басып алып, аларды тоноп, чыгыш өлкөлөрүнө теңсиз соода байланыштарын таңуулашкан (Азиядагы голландиялык ж-а англ. факториялар). Европага башка мамлекеттердин товарлары алынып келген; 2) Европа ж-а Түн. Америкадагы ө. ж. капитализм доору (18-к-дын аягы – 19-к-дын 2-жарымы). Европа көптөгөн товарларын экспортко чыгарып, жаңы аймактарды өзүнө караткан; 3) колонияларды империалисттик эксплуатациялоо доору (19-к-дын аягы). Бул мезгилде метрополиялар үчүн пайдалуу болгон товар алмашуу системасы калыптанып, колонияларда метрополиядан капитал чыгаруу өскөн. 2- дүйнөлүк согуштун учурунда, өзгөчө
1940-жылдардын 2-жарымы – 1960-жылдардын
башында колониялар ж-а көз каранды мамлекеттерде элдик көтөрүлүштөрдөн улам К. системасы кулап, мурдакы колониялар көз каранды эместикке жетишкен. АКШ, Улуу Британия, Франция, Нидерланд ж. б. өлкөлөрдүн бийлиги астында айрым гана аймактар (негизинен аралдар) калган. Бирок көз карандысыздык алган мурдакы колониялар өз алдынча иш жүргүзө албагандыктан, өздөрүнүн мурдакы метрополиялары м-н тыгыз чарбалык, саясий, маданий байланыштарын сактап калышкан ж-а метрополиялар мурдакы колонияларынын ички конфликттерине аскердик-саясий кийлигишүүлөрүн жасагандыгы бүгүнкү күнү неколониализм деп айтылат. БУУнун Генералдык Ассамблеясы 14-декабрда 1960-ж. кабыл алынган ¹ 1514 резолюциясында К-ди адамзатка каршы эл аралык кылмыш деп жарыялаган.