КОЛО ДООРУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОЛО ДООРУ – </b>болжол м-н б. з. ч. 4-миң жыл­дыктан 1-миң жылдыктын башына чейинки тарыхый маданий мезгил. Бул учурда маданий борборлордо колодон, эмгек шаймандарын ж-а согуш куралдарын жасоо өнүккөн. | <b type='title'>КОЛО ДООРУ – </b>болжол м-н б. з. ч. 4-миң жыл­дыктан 1-миң жылдыктын башына чейинки тарыхый маданий мезгил. Бул учурда маданий борборлордо колодон, эмгек шаймандарын ж-а согуш куралдарын жасоо өнүккөн. Түштүк Иран, Түркия ж-а Месопотамиядан б. з. ч. 4-миң жыл­дыкка таандык эң байыркы коло куралдар та­былган. Кийинчерээк коло куралдары Египетте (б. з. ч. 4-миң жылдыктын аягынан), Индияда (б. з. ч. 3-миң жылдыктын аягынан), Кытайда (б. з. ч. 2-миң жылдыктын ортосунан) ж-а Ев­ропада (б. з. ч. 2-миң жылдыктан) пайда бол­гон. Америкадагы коло доорунун өзүнчө тарыхы бар. Перу ж-а Боливиянын аймактары кийинки тиуанаку маданияты деп аталган (б. з. 6–10-кылымдар) ме­таллургиянын борбору болгон. Б. з. ч. 1-миң жылдык ченде Африкада да коло иштетүү бол­гондугу шексиз. Коло доорунун калдыктары КМШнын бардык аймагында кездешет. Бул жерлерди ме­кендеген уруулар Батыш Европадагыдай эле алгачкы коомдук түзүлүштө жашаган. Орто Азия­нын түштүк-батышында отурукташып, дыйканчы­лык м-н кесип кылган уруулар коло иштетүү жагынан жогорку деңгээлге жетишкен. Коло доору Ка­закстан, Сибирь, Орто Азиянын мал чарбачылык ж-а дыйканчылык м-н кесип кылган уруула­рында б. з. ч. 17–14-кылымдарда тараган. Чүй өрөөнүнүн Сокулук, Садовый кыштактарынан, Кочкордун Шам­шы коктусунан табылган коло куралдар ж-а «кенч» буюмдар Кыргызстандын аймагында б. з. ч. 12–8-кылымдарда коло доорунун өзгөчө күчтүү өнүккөндүгүн айгинелейт. | ||
тиуанаку | |||
Сокулук, Садовый | |||
«кенч» буюмдар | |||
ч. 12–8- | |||
айгинелейт. | |||
[[Категория:4-том, 353-402 бб]] | [[Категория:4-том, 353-402 бб]] | ||
09:49, 18 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОЛО ДООРУ – болжол м-н б. з. ч. 4-миң жылдыктан 1-миң жылдыктын башына чейинки тарыхый маданий мезгил. Бул учурда маданий борборлордо колодон, эмгек шаймандарын ж-а согуш куралдарын жасоо өнүккөн. Түштүк Иран, Түркия ж-а Месопотамиядан б. з. ч. 4-миң жылдыкка таандык эң байыркы коло куралдар табылган. Кийинчерээк коло куралдары Египетте (б. з. ч. 4-миң жылдыктын аягынан), Индияда (б. з. ч. 3-миң жылдыктын аягынан), Кытайда (б. з. ч. 2-миң жылдыктын ортосунан) ж-а Европада (б. з. ч. 2-миң жылдыктан) пайда болгон. Америкадагы коло доорунун өзүнчө тарыхы бар. Перу ж-а Боливиянын аймактары кийинки тиуанаку маданияты деп аталган (б. з. 6–10-кылымдар) металлургиянын борбору болгон. Б. з. ч. 1-миң жылдык ченде Африкада да коло иштетүү болгондугу шексиз. Коло доорунун калдыктары КМШнын бардык аймагында кездешет. Бул жерлерди мекендеген уруулар Батыш Европадагыдай эле алгачкы коомдук түзүлүштө жашаган. Орто Азиянын түштүк-батышында отурукташып, дыйканчылык м-н кесип кылган уруулар коло иштетүү жагынан жогорку деңгээлге жетишкен. Коло доору Казакстан, Сибирь, Орто Азиянын мал чарбачылык ж-а дыйканчылык м-н кесип кылган урууларында б. з. ч. 17–14-кылымдарда тараган. Чүй өрөөнүнүн Сокулук, Садовый кыштактарынан, Кочкордун Шамшы коктусунан табылган коло куралдар ж-а «кенч» буюмдар Кыргызстандын аймагында б. з. ч. 12–8-кылымдарда коло доорунун өзгөчө күчтүү өнүккөндүгүн айгинелейт.