КОЛЛАБОРАЦИОНИЗМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОЛЛАБОРАЦИОНИ́ЗМ (фр. collaboration – кызматташтык) – куралдуу конфликт же согуш­тун жүрүшүндө өзүнүн мекенине зыян келтир­ген каршылаштары м-н оккупацияланган мам­лекеттин жарандарынын ыктыярдуу кызматта­шуусу. Көптөгөн мамлекеттерде К. аскер кыл­мышы катары каралат. К. түшүнүгү 19-к-дын башталышында Наполеон согуштарынын мез­гилинде пайда болуп, 2-дүйнөлүк согуштун жыл­дарында кеңири колдонулган. Алгач 2-дүйнөлүк согуштун жүрүшүндө Франция оккупациялан­ган мезгилде германиялык бийлик м-н фр. жа­рандардын кызматташуусу түшүндүрүлөт. Ки­йинчерээк К. германдыктар же япондуктар ок­купациялаган европ. ж-а азиялык мамлекеттер­де (Бельгия, Нидерланд, Норвегия, Кытай ж. б.) да пайдаланылган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында СССРде К. «оккупанттар менен кызматташуу» термини м-н мүнөздөлөт. К. ка­тары идеялык жактан совет бийлигине каршы тургандар, сов. респ-ларда улутчул багытты колдогондор, дезертирлер, колго түшкөндөр ж. б. эсептелген. Чет өлкөлүк тарыхчылардын баасы б-ча Улуу Ата Мекендик согушта 1,5 млнго жакын сов. жаран германиялык бийлик м-н кызматташкан. 2-дүйнөлүк согуштан кийин көптөгөн мамлекеттерде коллаборационисттер ар кандай репрессияларга кабылып, көрүнүктүү өкүлдөрү (Францияда П. Лаваль, Норвегияда В. Квислинг, СССРде А. А. Власов ж. б.) өлүм жазасына тартылган.


Ад.: Семиряга М. И. Коллаборационизм. Природа, типология и проявление в годы Второй мировой войны.
М., 2000; Война и общество, 1941–45: В 2-х кн. / Под ред. Г. Н. Севостьянова. М., 2004.