КОЙ КЫРЫЛГАН КАЛАА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОЙ КЫРЫЛГАН КАЛАА – Каракалпак Респ­нын (Өзбекстан) Төрт-Көл р-нундагы байыркы шаар калдыгы. Б. з. ч. 4 – б. з. 4-к-нын башы-

Кой кырылган калаа. Аэрофотосъёмка.

на таандык археол. эстелик. Кызыл-Кум чө­лүндө жайгашкан. 1950-, 1952–57-ж. К. К. К-да археол. казуу жүргүзүлүп, кангюй уруусунун мад­тына мүнөздүү табылгалар ж-а арх-ралык эсте­ликтер, чарба имараттарынын калдыктары та­былган. К. К. К. калыңдыгы 7 м төрт чарчы ду­бал м-н курчалган. Дубалдын ортосуна жайгаш­кан бийикт. 8,5 м, айланасы 44,5 м мунара тү­рүндө салынган эки кабат күмбөз-храмдын кал­дыгы айрыкча кызыгууну туудурат. К. К. К-дан байыркы жазуулардын үлгүсү, карапа идиштер, сыйынуу статуэткалары ж. б. тиричилик буюм­дарынын калдыктары да табылган. К. К. К-ны орус археологу, этнографы С. П. Толстов жетек­чилик кылган Хорезм экспедициясы изилдеген.