КОЗУ-БАГЛАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОЗУ-БАГЛАН , К о ж о - Б а к ы р г а н - С а й – Баткен обл-нун Лейлек р-ну м-н Тажик­стандын Хожент обл-ндагы суу, Сыр-Дарыянын сол куймасы. Уз. 117 км, алабынын аянты 2150 км2. Түркстан кырка тоосунун түн. капта­лынан башталат. Баш жагы (Өрөмдүн чатына чейин) Лайли-Мазар, ортоңку агымында (көп бөлүгү) К.-Б-дын төмөн жагы Кожо-Бакырган- Сай аталат. Жогорку ж-а ортоңку агымында тоо аралап кууш өрөөндөр м-н агат. Аучи-Калача кыш. ченде өрөөнгө чыгып, өзөнү кеңийт ж-а суунун көбү сугат каналдарына бөлүнүп кетет. Ири куймалары: Өрөм, Жети-Көпүрө, Бөрк-Суу (оң), Кожо-Бакырган-Сай (сол). Негизинен кар, мөңгү ж-а жер астындагы суудан куралат. Ап­релде кирип, октябрда тартыла баштайт. Жыл­дык орт. чыгымы Андаркан кыш-на жакын 11,0 м3/сек, эң көбү 100 м3/сек, азы 3,4 м3/секга жетет. К.-Б-дан Кулунду (Кырг-н), Гулянан­доз (Тажикстан) ж. б. каналдар чыгарылган. Боюнан Лейлек, Андаркан, Тагап, Кызыл-Чар­ба, Өзгөрүш, Аучи-Калачи ж. б. кыш. орун ал­ган. Кожо-Бакырган-Сайдын сол жээгинен ба­йыркы таш доорундагы адамдардын журту та­былган.