ГИДРОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГИДРОЛО́ГИЯ ''' ''(гидро...'' ж-а ''...логия)'' – табигый чөйрөдөгү сууларды, аларда байкалуучу кубулуштарды ж-а процесстерди изилдей турган илим. Г. изилдөө объектилерине карата ''океанология'' (океан ж-а деӊиз Г-сы), кургактык Г-сы (дарыя, көл, саз Г-сы) ж-а ''гидрогеологияга'' (жер астындагы суулардын Г-сы) бөлүнөт. Кургактык Г-сы өз ичинен ''потамологияга'' (дарыя ж-дөгү илим), ''лимнология'' (көл таануу), саз таануу ж-а ''гляциологияга'' (мөӊгүлөр ж-дөгү илим) деп бөлүнөт. Г. геогр. илимдеринин циклине кирип, геофизика, геология ж-а биология илимдери м-н тыгыз байланыштуу. Г-нын негизги милдети – табиятта суунун айланышына, ага адамзаттын тийгизген таасирине, анын элементтеринин (суунун деӊгээли, чыгымы, темп-расы ж. б.) мейкиндик ж-а мезгил б-ча өзгөрүүсүнө байкоо ж-а талдоо жүргүзүү, ал элементтердин өзгөрүү закон ченемин табуу ж-а алдынала болжолдоо (к. ''Гидрологиялык маалымат).'' Негизги ыкмалары – Г-лык режимге туруктуу байкоо жүргүзүү, суу объектилерин экспедициялык изилдөө, жериндеги ж-а лабор. эксперименттер. Г-да геогр. жалпылоо, Г-лык аналогия ыкмалары ж-а матем. статистика кеӊири пайдаланылат. Г. башында физ. география, геология ж-а гидротехниканын бир бөлүгү катары өнүгүп, 20-к-дын башталышында гана өз алдынча илим болуп калыптанган. Ил. аныктаманы алгачкы ирет (1915) В. Г. Глушков берген. Кырг-ндын сууларынын Г-сын, суу ресурстарын изилдөөгө С. К. Аламанов, М. Н. Большаков, А. Т. Ильясов, Ж. Ж. Карамолдоев, Д. М. Маматканов, К. О. Молдошев, М. А. Музакеев, Т. М. Чодураев, А. А. Эргешов ж. б. олуттуу салым кошкон.
'''ГИДРОЛО́ГИЯ ''' ''(гидро...'' жана ''...логия)'' – табигый чөйрөдөгү сууларды, аларда байкалуучу кубулуштарды жана процесстерди изилдей турган илим. Гидрология изилдөө объектилерине карата ''океанология'' (океан жана деӊиз гидрологиясы), кургактык гидрологиясы (дарыя, көл, саз гидрологиясы) жана ''гидрогеологияга'' (жер астындагы суулардын гидрологиясы) бөлүнөт. Кургактык гидрологиясы өз ичинен ''потамологияга'' (дарыя жөнүндөгү илим), ''лимнология'' (көл таануу), саз таануу жана ''гляциологияга'' (мөӊгүлөр жөнүндөгү илим) деп бөлүнөт. Гидрология география илимдеринин циклине кирип, геофизика, геология жана биология илимдери менен тыгыз байланыштуу. Гидрологиянын негизги милдети – табиятта суунун айланышына, ага адамзаттын тийгизген таасирине, анын элементтеринин (суунун деӊгээли, чыгымы, температурасы ж. б.) мейкиндик жана мезгил боюнча өзгөрүүсүнө байкоо жана талдоо жүргүзүү, ал элементтердин өзгөрүү закон ченемин табуу жана алдын ала болжолдоо (к. ''Гидрологиялык маалымат).'' Негизги ыкмалары – гидрологиялык режимге туруктуу байкоо жүргүзүү, суу объектилерин экспедициялык изилдөө, жериндеги жана лабораториялык эксперименттер. Гидрологияда географиялык жалпылоо, гидрологиялык аналогия ыкмалары жана математикалык статистика кеӊири пайдаланылат. Гидрология башында физикалык география, геология жана гидротехниканын бир бөлүгү катары өнүгүп, 20-кылымдын башталышында гана өз алдынча илим болуп калыптанган. Илимий аныктаманы алгачкы ирет (1915) В. Г. Глушков берген. Кыргызстандын сууларынын гидрологиясын, суу ресурстарын изилдөөгө С. К. Аламанов, М. Н. Большаков, А. Т. Ильясов, Ж. Ж. Карамолдоев, Д. М. Маматканов, К. О. Молдошев, М. А. Музакеев, Т. М. Чодураев, А. А. Эргешов ж. б. олуттуу салым кошкон.
<br/>Ад.: ''Огиевский А. В.'' Гидрология суши. М., 1952; ''Калинин Г. П.'' Проблемы глобальной гидрологии. Л., 1968; ''Давыдов Л. К., Дмитриева А. А., Конкина А. Г.'' Общая гидрология. Л., 1973. ''С. Аламанов.''
 
<br />Ад.: ''Огиевский А. В.'' Гидрология суши. М., 1952; ''Калинин Г. П.'' Проблемы глобальной гидрологии. Л., 1968; ''Давыдов Л. К., Дмитриева А. А., Конкина А. Г.'' Общая гидрология. Л., 1973. ''С. Аламанов.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:40, 23 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

ГИДРОЛО́ГИЯ (гидро... жана ...логия) – табигый чөйрөдөгү сууларды, аларда байкалуучу кубулуштарды жана процесстерди изилдей турган илим. Гидрология изилдөө объектилерине карата океанология (океан жана деӊиз гидрологиясы), кургактык гидрологиясы (дарыя, көл, саз гидрологиясы) жана гидрогеологияга (жер астындагы суулардын гидрологиясы) бөлүнөт. Кургактык гидрологиясы өз ичинен потамологияга (дарыя жөнүндөгү илим), лимнология (көл таануу), саз таануу жана гляциологияга (мөӊгүлөр жөнүндөгү илим) деп бөлүнөт. Гидрология география илимдеринин циклине кирип, геофизика, геология жана биология илимдери менен тыгыз байланыштуу. Гидрологиянын негизги милдети – табиятта суунун айланышына, ага адамзаттын тийгизген таасирине, анын элементтеринин (суунун деӊгээли, чыгымы, температурасы ж. б.) мейкиндик жана мезгил боюнча өзгөрүүсүнө байкоо жана талдоо жүргүзүү, ал элементтердин өзгөрүү закон ченемин табуу жана алдын ала болжолдоо (к. Гидрологиялык маалымат). Негизги ыкмалары – гидрологиялык режимге туруктуу байкоо жүргүзүү, суу объектилерин экспедициялык изилдөө, жериндеги жана лабораториялык эксперименттер. Гидрологияда географиялык жалпылоо, гидрологиялык аналогия ыкмалары жана математикалык статистика кеӊири пайдаланылат. Гидрология башында физикалык география, геология жана гидротехниканын бир бөлүгү катары өнүгүп, 20-кылымдын башталышында гана өз алдынча илим болуп калыптанган. Илимий аныктаманы алгачкы ирет (1915) В. Г. Глушков берген. Кыргызстандын сууларынын гидрологиясын, суу ресурстарын изилдөөгө С. К. Аламанов, М. Н. Большаков, А. Т. Ильясов, Ж. Ж. Карамолдоев, Д. М. Маматканов, К. О. Молдошев, М. А. Музакеев, Т. М. Чодураев, А. А. Эргешов ж. б. олуттуу салым кошкон.


Ад.: Огиевский А. В. Гидрология суши. М., 1952; Калинин Г. П. Проблемы глобальной гидрологии. Л., 1968; Давыдов Л. К., Дмитриева А. А., Конкина А. Г. Общая гидрология. Л., 1973. С. Аламанов.