КОЖОМКУЛ Каба уулу: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (Temirkan moved page КОЖОМКУЛ 1 to КОЖОМКУЛ Каба уулу) |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОЖОМКУЛ</b> Каба уулу (1888, Суусамыр өрөө­нү – 1955, ошол эле жер) – кыргыз элинин алп | <b type='title'>КОЖОМКУЛ</b> '''Каба уулу''' (1888, Суусамыр өрөө­нү – 1955, ошол эле жер) – кыргыз элинин алп балбаны; Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга ж-а чыңдоого активдүү катышкан. | ||
балбаны; | |||
[[File:КОЖОМКУЛ 141.png | thumb | none]] | [[File:КОЖОМКУЛ 141.png | thumb | none]] | ||
1925–30- | 1925–30-жылдарда Суусамыр кедейлер комитетинин төрагасы, Кара-Бал­та райондук жер бөлүмүнүн башчысы, 1930–42-жылдарда Жумгал районундагы Баш- Кууганды, Кайырма, Көкө­мерен (Суусамыр) айыл ке­ңештеринин төрагасы, 8-март колхозунда ферма башчысы болуп иштеген. 1942–49-жылдарда Сокулук районундагы «Побе­да» колхозунун кой ферма­сын башкарган. 47 жашын­да салмагы 164 <i>кг</i>, боюнун узундугу 1 <i>м</i> 97 <i>см</i> (башка маалымат боюнча салмагы 203 <i>кг</i>, бою 2 <i>м</i> 36 <i>см</i>) болуп, 52-өлчөмдөгү өтүк кийген. Колунун манжала­рынын узундугу 26 <i>см</i>ге чейин, баш бармагынын жоондугу – 6 <i>см</i>, далысы – 76 <i>см</i> болгон. Ал балбандыгын ата-энесинен мурас катары алган. Атасы Кошуке уулу Каба (1827–1906) кара күчкө эгедер, эл оозуна алынган адам болгон. Энеси Алмадай эр сайышка түшүп жүргөн. Кожомкулдун күчтүүлүгү бала чагында эле байкалган; 15 жа­шында күрөшкө түшүп, 45 жаштагы дасыккан балбанды жыккан. Казак балбаны Балбан Чо­локту (Балуан Шолакты) жыккандан кийин, атагы казак элине да кеңири тараган. Анын балбандыгы жөнүндө эл оозунда көп аңыз айтылат. Күчкө толуп турган убагында салмагы 400 <i>кг</i> чамалуу өгүздү жаракадан сууруп алган. 22 жа­шында Суусамыр өрөөнүнүн Арамза төрүндө сал­магы 635 <i>кг</i> ташты 100 <i>м</i>дей аралыкка көтөрүп барып, жерге күч м-н уруп киргизген («Кожом­кулдун ташы»). Чүйдөн Суусамырга бараткан­да баспай калган атын көтөрүп, Төө-Ашуудан ашкан. Сом темирди ийип, ат таканы бир колу м-н кысып сындырган. Эмгек Кызыл Туу орде­ни м-н сыйланган. 1962-жылы Кожомкулдун урматына Кыргызстан күрөш федерациясы эркин күрөш боюнча байге белгилеген. Бул байге үчүн мелдеш Бишкекте жыл сайын өтүп келет. 1968-жыл­дан республиканын ачык биринчилиги өткөрүлүп, 1975-жылы Бүткүл союздук мелдештин статусун алган. Ысмы Суусамырдагы айылга (музейи да ачылып), Бишкектеги спорт сарайына (1993) бе­рилип, айкели орнотулган. «Каба уулу Кожом­кул» аттуу даректүү фильм тартылган (1990). | ||
Суусамыр кедейлер | |||
Жумгал | |||
болуп иштеген. 1942–49- | |||
Сокулук | |||
жоондугу – 6 <i>см</i>, далысы – 76 <i>см</i> болгон. Ал | |||
балбандыгын ата-энесинен мурас катары алган. Атасы Кошуке уулу Каба (1827–1906) кара күчкө | |||
эгедер, эл оозуна алынган адам болгон. Энеси Алмадай эр сайышка түшүп жүргөн. | |||
чамалуу өгүздү жаракадан сууруп алган. 22 жа­шында Суусамыр өрөөнүнүн Арамза төрүндө сал­магы 635 <i>кг</i> ташты 100 <i>м</i>дей аралыкка көтөрүп барып, жерге күч м-н уруп киргизген («Кожом­кулдун ташы»). Чүйдөн Суусамырга бараткан­да баспай калган атын көтөрүп, Төө-Ашуудан ашкан. Сом темирди ийип, ат таканы бир колу м-н кысып сындырган. Эмгек Кызыл Туу орде­ни м-н сыйланган. 1962- | |||
| 22 сап: | 9 сап: | ||
<p align='right'><i type='author'>С. Төралиев.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>С. Төралиев.</i></p> | ||
[[Категория:4-том, 307-352 бб]] | [[Категория:4-том, 307-352 бб]] | ||
03:39, 16 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОЖОМКУЛ Каба уулу (1888, Суусамыр өрөөнү – 1955, ошол эле жер) – кыргыз элинин алп балбаны; Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга ж-а чыңдоого активдүү катышкан.

1925–30-жылдарда Суусамыр кедейлер комитетинин төрагасы, Кара-Балта райондук жер бөлүмүнүн башчысы, 1930–42-жылдарда Жумгал районундагы Баш- Кууганды, Кайырма, Көкөмерен (Суусамыр) айыл кеңештеринин төрагасы, 8-март колхозунда ферма башчысы болуп иштеген. 1942–49-жылдарда Сокулук районундагы «Победа» колхозунун кой фермасын башкарган. 47 жашында салмагы 164 кг, боюнун узундугу 1 м 97 см (башка маалымат боюнча салмагы 203 кг, бою 2 м 36 см) болуп, 52-өлчөмдөгү өтүк кийген. Колунун манжаларынын узундугу 26 смге чейин, баш бармагынын жоондугу – 6 см, далысы – 76 см болгон. Ал балбандыгын ата-энесинен мурас катары алган. Атасы Кошуке уулу Каба (1827–1906) кара күчкө эгедер, эл оозуна алынган адам болгон. Энеси Алмадай эр сайышка түшүп жүргөн. Кожомкулдун күчтүүлүгү бала чагында эле байкалган; 15 жашында күрөшкө түшүп, 45 жаштагы дасыккан балбанды жыккан. Казак балбаны Балбан Чолокту (Балуан Шолакты) жыккандан кийин, атагы казак элине да кеңири тараган. Анын балбандыгы жөнүндө эл оозунда көп аңыз айтылат. Күчкө толуп турган убагында салмагы 400 кг чамалуу өгүздү жаракадан сууруп алган. 22 жашында Суусамыр өрөөнүнүн Арамза төрүндө салмагы 635 кг ташты 100 мдей аралыкка көтөрүп барып, жерге күч м-н уруп киргизген («Кожомкулдун ташы»). Чүйдөн Суусамырга баратканда баспай калган атын көтөрүп, Төө-Ашуудан ашкан. Сом темирди ийип, ат таканы бир колу м-н кысып сындырган. Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган. 1962-жылы Кожомкулдун урматына Кыргызстан күрөш федерациясы эркин күрөш боюнча байге белгилеген. Бул байге үчүн мелдеш Бишкекте жыл сайын өтүп келет. 1968-жылдан республиканын ачык биринчилиги өткөрүлүп, 1975-жылы Бүткүл союздук мелдештин статусун алган. Ысмы Суусамырдагы айылга (музейи да ачылып), Бишкектеги спорт сарайына (1993) берилип, айкели орнотулган. «Каба уулу Кожомкул» аттуу даректүү фильм тартылган (1990).
Ад.: Байман Ф. Е., Никулин В. П. Кожомкул – легендарный баатыр кыргызов. Б., 1996; Эсенгулов Ш. Кожомкул, Б., 2003; Койчуманова Ч. У., Сапарбекова А. А. Кожомкул тарыхый инсан. Б., 2007.
С. Төралиев.