«КОЖОЖАШ»: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
мNo edit summary |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>«КОЖОЖАШ»</b> – кыргыз эл дастаны. Кожожаш | <b type='title'>«КОЖОЖАШ»</b> – кыргыз эл дастаны. Кожожаш | ||
мерген | мерген жөнүндөгү окуянын эл арасына таралышы легенда-аңыздарды жараткан. Ал аңыз-леген­далардын мазмунуна караганда, айылдан чык­кан мыкты мерген ачарчылыкта, оорчулук учур­да жалаң илбээсин, кийиктерди атып келип, элди ачкачылыктан куткарып, өлүмдөн сактап калган. Мына ушундай аңыз-легендадан «Кожожаш» эпосу пайда болгон. Аны айрым изилдөөчүлөр баатырдык эпоско ыйгарса, кээ бири социалдык­ турмуштук эпоско ыйгарып жүрөт. Кытай уруу­сунан чыккан көзгө атар мерген Кожожаштын Зулайка сулууга үйлөнүшү, касиеттүү кайберен Сур эчки менен эрегиши, Сур эчкинин каргышына калып мерт болушу, Кожожаштын уулу Мол­дожаш баралына жеткенде атасынын кунун кууп, Сур эчкиден өч алышы эпостун сюжеттик негизин түзөт. Дастандын уюткусу элдин аң-се­зиминде реалисттик таанымдын мифологиялык ой жү­гүртүү жана диний ишенимдер дин жуурулушу­нан жаралган деп болжоого болот. Дастанда | ||
өзгөчө адам баласы | өзгөчө адам баласы менен жаратылыш ортосунда­гы аң-сезимдүү байланыш, адамдын ага болгон адеп-ахлактык мамилеси курч коюлган. Адам­дын билгенден билбестикке ташталган кадамы­нын түбөлүктүүлүгү жана анын жеңиштүү болору да турмуштун өсүп-өнүгүү логикасына ылайык берилген. | ||
«Кожожаштын» үч варианты бар. Биринчи вариан­тын 1923-жылы К. Мифтаков С. Конокбаевден жа­зып алган; экинчи варианты А. Үсөнбаевдин ай­туусу боюнча кагазга түшүрүлүп, 1938-жылы жарыкка | |||
чыккан; үчүнчү варианты 1949- | чыккан; үчүнчү варианты 1949-жылы фольклорист З. Мамытбеков айтуучу Т. Жээнтаевден жазып алган. Бул варианттар ортосунда кескин айыр­ма жок. Албетте, ар бир айтуучунун окуяны баяндоо манерасы, көркөм көрө билүүсү жана об­раз жаратуу ыкмаларында айырмалар бар. «Кожожаш» эпосунун негизинде М. Байжиев «Байыркы жо­мок» (1975) аттуу драма жазган. Драма «Кожожаштагы» коюлган проблемалар бүгүнкү көркөм өркүн­дөөнүн талабына шайкеш жаңы мазмунга ээ. 1984-жылы «Ак илбирстин тукуму» аттуу фильм тартылган (режиссер Т. Океев). 1985-жылы Берлинде | ||
өткөн кинофестивалда «Серебрянный Медведь» | өткөн кинофестивалда «Серебрянный Медведь» сыйлыгына татыктуу болгон. | ||
Ад.: Кыргыз адабиятынын тарыхы. 3-том. Б., 2002. | Ад.: Кыргыз адабиятынын тарыхы. 3-том. Б., 2002. | ||
[[Категория:4-том, 307-352 бб]] | [[Категория:4-том, 307-352 бб]] | ||
04:49, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
«КОЖОЖАШ» – кыргыз эл дастаны. Кожожаш мерген жөнүндөгү окуянын эл арасына таралышы легенда-аңыздарды жараткан. Ал аңыз-легендалардын мазмунуна караганда, айылдан чыккан мыкты мерген ачарчылыкта, оорчулук учурда жалаң илбээсин, кийиктерди атып келип, элди ачкачылыктан куткарып, өлүмдөн сактап калган. Мына ушундай аңыз-легендадан «Кожожаш» эпосу пайда болгон. Аны айрым изилдөөчүлөр баатырдык эпоско ыйгарса, кээ бири социалдык турмуштук эпоско ыйгарып жүрөт. Кытай уруусунан чыккан көзгө атар мерген Кожожаштын Зулайка сулууга үйлөнүшү, касиеттүү кайберен Сур эчки менен эрегиши, Сур эчкинин каргышына калып мерт болушу, Кожожаштын уулу Молдожаш баралына жеткенде атасынын кунун кууп, Сур эчкиден өч алышы эпостун сюжеттик негизин түзөт. Дастандын уюткусу элдин аң-сезиминде реалисттик таанымдын мифологиялык ой жүгүртүү жана диний ишенимдер дин жуурулушунан жаралган деп болжоого болот. Дастанда өзгөчө адам баласы менен жаратылыш ортосундагы аң-сезимдүү байланыш, адамдын ага болгон адеп-ахлактык мамилеси курч коюлган. Адамдын билгенден билбестикке ташталган кадамынын түбөлүктүүлүгү жана анын жеңиштүү болору да турмуштун өсүп-өнүгүү логикасына ылайык берилген. «Кожожаштын» үч варианты бар. Биринчи вариантын 1923-жылы К. Мифтаков С. Конокбаевден жазып алган; экинчи варианты А. Үсөнбаевдин айтуусу боюнча кагазга түшүрүлүп, 1938-жылы жарыкка чыккан; үчүнчү варианты 1949-жылы фольклорист З. Мамытбеков айтуучу Т. Жээнтаевден жазып алган. Бул варианттар ортосунда кескин айырма жок. Албетте, ар бир айтуучунун окуяны баяндоо манерасы, көркөм көрө билүүсү жана образ жаратуу ыкмаларында айырмалар бар. «Кожожаш» эпосунун негизинде М. Байжиев «Байыркы жомок» (1975) аттуу драма жазган. Драма «Кожожаштагы» коюлган проблемалар бүгүнкү көркөм өркүндөөнүн талабына шайкеш жаңы мазмунга ээ. 1984-жылы «Ак илбирстин тукуму» аттуу фильм тартылган (режиссер Т. Океев). 1985-жылы Берлинде өткөн кинофестивалда «Серебрянный Медведь» сыйлыгына татыктуу болгон.
Ад.: Кыргыз адабиятынын тарыхы. 3-том. Б., 2002.