КЛИППЕРТОН АРАЛЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЛИ́ППЕРТОН АРАЛЫ Тынч океандын түн. бөлүгүндө, Мексикадан 1120 км аралыкта жайгашкан. Арал 7 ээн атоллдон турат. Аянты 6 км2. Климаты тропиктик. Орт. темп-расы 20–32°С. 1521-ж. Магеллан ачкан. 1708-жылдан француздардын ээлиги. Алгачкы ил. экспедиция 1725-ж. бир нече ай бою аралда болгон. Аралды 1897-ж. Мексика басып алган. 1935-ж. Эл аралык арбитраж сотунун чечими м-н кайрадан Францияга кайтарылган. Фр. Полинезиянын жогорку комиссары башкарат. 20-к-дын башына чейин гуано (жер семирткич) казылып алынып келген. 2-дүйнөлүк согуштан кийин толугу м-н ээн. 20-кылымдын 30-жылдарында аралга 2 жолу АКШнын президенти Франклин
Д. Рузвельт келип, аскер-аба базасын түзүүнү пландаштырган.
Ад.: Остров Клиппертон // Всё о странах мира,
атлас-справочник. М., 2006.