КЛИНОПИСЬ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КЛИ́НОПИСЬ – шарттуу белгилер (сүрөтчөлөр) же идеограммалардан (к. Идеографиялык жа­зуу) турган жазуунун бир түрү. Шынаа форма­сына окшош болуп тилкесинен жазылган. Шу­мер ж-а ассириялыктардын байыркы жазуула­ры. К. Алдыңкы Азияда колдонулган. Б. з. ч. 3-миң жылдыкта шумерлер нерселерди ж-а жал­пы түшүнүктөрдү К. түрүндө жаза башташкан. Белгилердин саны миңдеп саналган. Мис., жыл­дызды билдирген белги кудайдын атын да (dungir), асманды да (an) ж-а муунду да (an) туюндура алган. Ошентип муундук жазуу баш­талган. Атоочтук же этиштик негиз анда идео­грамма м-н (түшүнүк белги м-н) туюндурулган. Түрдүү маанини туюндурган бирдей аталышта­гы негиздер (омофония) ар башка белгилер м-н жазылган. Ар бир белги бир нече мааниге ээ болгон. Жазуунун өнүгүшү м-н белгилердин саны 600гө чейин азайып, сүрөттөр жөнөкөйлөш­түрүлгөн. К. жазуусу алгач оңдон солго өйдөдөн ылдый жазылган. Кийин солдон оңду карай жа­зыла баштаган. Флективдүү семит тилинде сүй­лөгөн аккаддыктар (аккаддыктар ж-а ассирия­лыктар) б. з. ч. 3-миң жылдыктын ортосунда К. жазуусун өздөштүрүшкөн. Алар белгилердин санын 300гө чейин азайтып, аккаддыктардын фонет. жагдайына ылайык муундук жаңы маа­нилерди түзүшкөн. Сөздөрдү жазууда фонет. (силлабикалык) жазууну колдонушкан. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын 2-жарымында аккаддык түзүлүштөгү К. элам, хуррит, хетт – лувий, урар­ту тилдеринде сүйлөгөн элдерге тараган да, ди­ний ж-а юрид. максатта колдонулган. К. жазуу эстеликтеринин формасы ар түрдүү (мис., приз­ма, цилиндр, таш такта, конус түрүндө). Кеңи­ри тараган К-тин эң көп сакталган түрү чопо такталардагы тарыхый жазуулар, эпос, сөздүк, ил. эмгек, документ, диний-магиялык тексттер.