КЛИМАТТЫК ОПТИМУМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КЛИМАТТЫК О́ПТИМУМ – төртүнчүлүк мезгил­дин муз каптоолор аралыгындагы ж-а алардан кийинки убактагы климаттын жылуулугу. Акыркы К. о. палеонтол. ж-а геол. маалымат­тар б-ча голоценде (мындан 6,2–5,3 миң жыл мурун) байкалган. К. о-да бүткүл планетада жы­луу ж-а нымдуу климат өкүм сүргөн, мелүүн ал­кактын токой зонасы болжол м-н 5° түндүккө жылган, каралжын ийне жалбырактуу токой­лор Баренц деңизинин жээгинде өсүп, Азияда тайга Челюскин тумшугуна чейин жеткен, Са­хараны саванна ээлеп, Чад көлүнүн деңгээли 40 мге көтөрүлгөн. Муз эрип, тез чегинген. Дүй­нөлүк океандын деңгээли көтөрүлгөн.