КИШЕМИШ МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КИШЕМИШ МӨҢГҮСҮ Түркстан кырка тоосунун түн. капталында, Кишемиш суусунун алабында жайгашкан. Уз. 9,6 км, аянты 5,8 км2. Башы деңиз деңг. 5020 м, этеги 3120 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4070 м. Абляциясынын аянты 3,0 км2. Түркстан тибиндеги өрөөн мөңгүлөрүнө кирет. Кийинки мезгилде мөңгү чегинип жаткандыгы байкалууда. Андан Исфаранын оң курамы – Кишемиш суусу башталат.