КИЧИ НАРЫН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КИЧИ НАРЫН – Ички Теңир-Тоодогу суу. Тоң ж-а Нарын р-ндорунун аймагында. Жетим-Бел кырка тоосунун түн. капталындагы мөңгүлөр­дөн башталат. Уз. 144 км, алабынын аянты 3870 км2. Башталышында Буркан деген ат м-н батышка агып, Үч-Эмчек кошулгандан кийин Балгарт аталып, ал Жылаңач м-н кошулуп Кичи Нарынды түзөт. Кууш ж-а терең капчыгай м-н агып, Кашка-Суудан кийин түштүккө бурулат. Нура ж-а Жетим кырка тоолорун кесип өтөт. Капчыгайдан кийин кашаттуу өрөөн м-н Чоң Нарынга кошулуп, Нарын д-н түзөт. Нугунда босоголор көп. Кара-Саздын чатында бир аз са­лааларга бөлүнөт. Жылдык орт. чыгымы 43,0 м3/сек. Эң чоң чыгымы 205 м3/сек (июль), эң азы – 4,33 м3/сек (февраль). Алабында 20дай көл бар. Ири куймалары: Үч-Эмчек, Кара-Саз, Кара-Калак, Эгиз-Төр, Сары-Күнгөй (оң); Ай- Көл, Жаман-Эчки, Арчалы, Жылаңач (сол).
Өрөөнү Тоң ж-а Нарын р-ндорунун жайыты.