КАТАЛИЗ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 7 сап: | 7 сап: | ||
<b type="title">КАТА́ЛИЗ</b> (гр. katflуsis – бузулуу) – <i>катализа­торлордун</i> таасири м-н реакциянын ылдамды­гынын өзгөрүшү. Ал гомогендүү ж-а гетерогендүү болуп бөлүнөт. Реакцияга | <b type="title">КАТА́ЛИЗ</b> (гр. katflуsis – бузулуу) – <i>катализа­торлордун</i> таасири м-н реакциянын ылдамды­гынын өзгөрүшү. Ал гомогендүү ж-а гетерогендүү болуп бөлүнөт. Реакцияга кирүүчү заттар м-н катализатор бирдей фазада аракеттенишсе (газ же эритме), гомогендүү, ар түрдүү фазада болсо, гетерогендүү катализ деп аталат. Мисалы, гомогендүү катализге гидроксил м-н суутек иондорунун жардамы аркылуу жүрүүчү кислота негиздик катализ кирет. Химия өнөр жайында продукциялардын көпчүлүк бөлүгү ге­терогендүү катализдин жардамы м-н алынат. Гетеро­гендүү катализ учурунда реакция катализатордун үстүңкү бетинде өтөт. Демек, катализатордун активдүүлүгү анын үстүңкү бетинин чоңдугуна ж-а касиетине көз каранды. Реакция активдүү аралык бирикмелер аркылуу жүрөт. Гетеро­гендүү реакцияларга, мисалы, аммиактын синтез­делиши, азот кислотасын өндүрүүдө аммиактын кычкылданышы ж. б. кирет. Катализ биологиялык система­ларда да өтө чоң ролду ойнойт. Тамак сиңирүү системасында, канда, жаныбарлардын ж-а адам­дын клеткаларында өтүүчү химиялык реакциялардын көпчүлүгү катализдик реакциялар. Фермент­тер – катализаторлор, жөнөкөй же татаал бе­локтор болуп саналат. Шилекейдин курамында крахмалды кантка айландыруучу птиалин фер­менти бар. Ашказандагы пепсинфермент белок­ту ажыратууну катализдейт. Адам денесинде 30 миңге жакын ар түрдүү фермент бар; алар­дын ар бири тиешелүү реакциялардын натый­жалуу катализаторлору катары кызмат кылат. | ||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
11:02, 12 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
тьимыудж.
КАТА́ЛИЗ (гр. katflуsis – бузулуу) – катализаторлордун таасири м-н реакциянын ылдамдыгынын өзгөрүшү. Ал гомогендүү ж-а гетерогендүү болуп бөлүнөт. Реакцияга кирүүчү заттар м-н катализатор бирдей фазада аракеттенишсе (газ же эритме), гомогендүү, ар түрдүү фазада болсо, гетерогендүү катализ деп аталат. Мисалы, гомогендүү катализге гидроксил м-н суутек иондорунун жардамы аркылуу жүрүүчү кислота негиздик катализ кирет. Химия өнөр жайында продукциялардын көпчүлүк бөлүгү гетерогендүү катализдин жардамы м-н алынат. Гетерогендүү катализ учурунда реакция катализатордун үстүңкү бетинде өтөт. Демек, катализатордун активдүүлүгү анын үстүңкү бетинин чоңдугуна ж-а касиетине көз каранды. Реакция активдүү аралык бирикмелер аркылуу жүрөт. Гетерогендүү реакцияларга, мисалы, аммиактын синтезделиши, азот кислотасын өндүрүүдө аммиактын кычкылданышы ж. б. кирет. Катализ биологиялык системаларда да өтө чоң ролду ойнойт. Тамак сиңирүү системасында, канда, жаныбарлардын ж-а адамдын клеткаларында өтүүчү химиялык реакциялардын көпчүлүгү катализдик реакциялар. Ферменттер – катализаторлор, жөнөкөй же татаал белоктор болуп саналат. Шилекейдин курамында крахмалды кантка айландыруучу птиалин ферменти бар. Ашказандагы пепсинфермент белокту ажыратууну катализдейт. Адам денесинде 30 миңге жакын ар түрдүү фермент бар; алардын ар бири тиешелүү реакциялардын натыйжалуу катализаторлору катары кызмат кылат.