КАРСТ (кубулуштар): нускалардын айырмасы
м (Temirkan moved page КАРСТ 1 to КАРСТ (жаратылыш кубулушу)) |
м (Temirkan moved page КАРСТ (жаратылыш кубулушу) to КАРСТ (кубулуштар)) |
(Айырма жок)
| |
10:00, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРСТ [Словениядагы Карст (Крас) тоосунун атынан], к а р с т к у б у л у ш т а р ы – жер астындагы же үстүндөгү суулардын тоо тектерине тийгизген таасиринен пайда болуучу кубулуштар. Тоо тектери сууга эзилип, ар кандай боштуктар, үңкүрлөр, чуңкурлар, кудуктар, көңдөйлөр, коңулдар келип чыгат. Гипс, бор, туз, акиташ, доломит тез эрип, орду боштукка айланат. Жер бетинде оюктар, чуңкурчалар, тайыз кудуктар, жер астында үңкүрлөр, боштуктар, көңдөйлөр пайда болот. Булар карст үңкүрлөрү деп аталат. Алардын таасиринен жер бетинин түзүлүшү өзгөрөт. Кудуктарга суу толуп, көлчөгө айланат. Ири үңкүрлөр АКШда (Флинт-Риж үңкүрү, узундугу 100 км, Кентукки штаты); Крым, Кавказ, Урал, Сибирде кездешет. Кыргызстанда Канигут (узундугу 3,5 км), Чил-Устун (узундугу 3 км), Ферсман атындагы (узундугу 1,5 км, тереңдиги 240 м) үңкүрлөр бар. Карст кубулуштары эл чарбасына зор зыян келтирет. Айдоо аянттары, сугат тармактары бузулат, жемиш бактары, курулуштар талкаланат. Темир жана таш жолдору иштен чыгат.
Ад.: Соколов Д. С. Основные условия развития карста. М., 1962; Гвоздецкий Н. А. Карст. М., 1981.