ГИБРАЛТАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГИБРАЛТА́Р ''' – Улуу Британиянын Пиреней жарым | '''ГИБРАЛТА́Р ''' – Улуу Британиянын Пиреней жарым аралынын түштүгүндөгү ээлиги (1713-жылдан). Гибралтар кысыгында; аскалуу жарым аралды жана Пиреней жарым аралын аска менен туташтырган кумдуу мойнокту камтыйт. Испаниядан бейтарап зона аркылуу бөлүнөт. Аянты 6,5 ''км''<sup>2</sup>. Калкы 29,5 миӊ (2020). Расмий тили – англис тили. Чарбасы Улуу Британиянын аскер-деӊиз жана аскер-аба базаларын, транзиттик портту жана чет элдик туристтерди тейлөөгө байланыштуу. Сырттан алынган продукциянын <sup>1</sup>/<sub>2</sub> – нефть. Док, кампа, нефть сактагычтар, калкты жана горнизонду тейлөөчү тамак-аш өнөр жайы жана кеме оӊдоочу ишканалары бар. Гибралтар Кальпе деген аталыш менен байыркы гректерге жана римдиктерге белгилүү болгон. 8-кылымда Гибралтарда арабдар чеп куруп, Жебель-ат-Тарик (Тарик тоосу; араб жеӊип алуучусу – Тарик ибн Сеиддин ысымынан) деп аталган. Гибралтар 1309–33- жанаа 1462-жылдарда Испанияга, 1704-жылдан Англияга караган. Улуу Британия аны 1713-жылдан кийин Индияны, Африканы, Жакынкы жана Орто Чыгышты колониялоо үчүн таяныч пункту катары пайдаланган. Гибралтарды кайтарып алуу үчүн Испаниянын 18-кылымдагы аракеттерине жол бербөө максатында Улуу Британия 1- жана 2-дүйнөлүк согуштардын убагында Гибралтарды өзүнүн кубаттуу согуш базасына айландырган. 1969-жылы май айында Гибралтардын жаӊы конституциясы кабыл алынып, анда Улуу Британиянын Гибралтардагы ээлигине контролдугу бекитилген. 1969-жылы 30-июлдагы шайлоодо Гибралтардын коалициялык өкмөтү түзүлгөн. 1980-жылкы Англия-Испания келишимине ылайык (келишим 1985-жылы күчүнө кирген) гибралтарлыктар Испанияда, испандар Гибралтарда теӊ укуктуулукту, алар бири-бирине эркин кирип чыгууга мүмкүндүк алган. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:29, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
ГИБРАЛТА́Р – Улуу Британиянын Пиреней жарым аралынын түштүгүндөгү ээлиги (1713-жылдан). Гибралтар кысыгында; аскалуу жарым аралды жана Пиреней жарым аралын аска менен туташтырган кумдуу мойнокту камтыйт. Испаниядан бейтарап зона аркылуу бөлүнөт. Аянты 6,5 км2. Калкы 29,5 миӊ (2020). Расмий тили – англис тили. Чарбасы Улуу Британиянын аскер-деӊиз жана аскер-аба базаларын, транзиттик портту жана чет элдик туристтерди тейлөөгө байланыштуу. Сырттан алынган продукциянын 1/2 – нефть. Док, кампа, нефть сактагычтар, калкты жана горнизонду тейлөөчү тамак-аш өнөр жайы жана кеме оӊдоочу ишканалары бар. Гибралтар Кальпе деген аталыш менен байыркы гректерге жана римдиктерге белгилүү болгон. 8-кылымда Гибралтарда арабдар чеп куруп, Жебель-ат-Тарик (Тарик тоосу; араб жеӊип алуучусу – Тарик ибн Сеиддин ысымынан) деп аталган. Гибралтар 1309–33- жанаа 1462-жылдарда Испанияга, 1704-жылдан Англияга караган. Улуу Британия аны 1713-жылдан кийин Индияны, Африканы, Жакынкы жана Орто Чыгышты колониялоо үчүн таяныч пункту катары пайдаланган. Гибралтарды кайтарып алуу үчүн Испаниянын 18-кылымдагы аракеттерине жол бербөө максатында Улуу Британия 1- жана 2-дүйнөлүк согуштардын убагында Гибралтарды өзүнүн кубаттуу согуш базасына айландырган. 1969-жылы май айында Гибралтардын жаӊы конституциясы кабыл алынып, анда Улуу Британиянын Гибралтардагы ээлигине контролдугу бекитилген. 1969-жылы 30-июлдагы шайлоодо Гибралтардын коалициялык өкмөтү түзүлгөн. 1980-жылкы Англия-Испания келишимине ылайык (келишим 1985-жылы күчүнө кирген) гибралтарлыктар Испанияда, испандар Гибралтарда теӊ укуктуулукту, алар бири-бирине эркин кирип чыгууга мүмкүндүк алган.