КАРКЫРА КӨТӨРҮЛҮШҮ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРКЫРА КӨТӨРҮЛҮШҮ</b> – 1916-жылы | <b type='title'>КАРКЫРА КӨТӨРҮЛҮШҮ</b> – 1916-жылы [[Жети-Суу облусу]]ндагы улуттук боштондук кыймылдын (кара: [[Үркүн]]) очогу. Кээ бир маалыматтарда «Ал­бан-Бугу» көтөрүлүшү деп да аталган. 1-дүйнөлүк согушка байланыштуу жергиликтүү элден аскердик­ оорук иштерине алуу үчүн 1916-жылы 25-июнда чыккан падышанын буйругуна ылайык 6-июль күнү «Нарынкол–Чарын» приставынын началь­ниги Подворков 13 болуштун билермандарын жыйнап, аны аткарууну талап кылган. Жы­йылган эл акылдашып, 3–4 күндөн кийин жооп берүүгө макул болушкан. Алар 10-июлда [[Каркыра|Кар­кыра]]нын Каман-Карагай деген жеринде жыйын өткөрүп, адамдарын оорук иштерине бербейбиз деген чечимге келишкен. Бул кабар жеткенден кийин Подворков казак-орус отрядын баштап келип, жыйынга катышкандардын баарын тут­кунга алып, [[Каракол]] түрмөсүнө камаган. Жы­йын башчысы Жамаке Мамбет уулуна уу берип өлтүрүлүп, калганы Каракол уездинин башчы­сы полковник Ивановдун буйругу менен 8-август­та атууга буйрулган. Натыйжада, Каркыра жай­лоосунда көтөрүлүш башталган. 11-августта кө­төрүлүшчүлөр Жылаңач станциясын талкалап, [[Келгиндер башкармалыгы]]нын бир нече кызмат­кери өлтүрүлгөн. 16-августта [[Каркыра жарманкеси|Каркыра жарман­кеси]]н басып алышкан. Сентябрда көтөрүлүш Верный, Жаркент, Лепси, Каракол уездерине та­раган. Каркыра көтөрүлүшү падыша өкмөтү тарабынан түзүлгөн жазалоо отрядынын жардамы менен сентябрдын аягы – октябрдын башында аёосуз басылган.<br>Жазалоочу отряд көтөрүлүшкө катышкандарды куугунтуктап, Кайкы ашуусунда кырган. Ар­хивдик маалыматтар боюнча кыргыз-казактардын жүзгө жакын айылдары талкаланып, 373 үй өрттөлсө, 684 адам жарадар болуп, 1905 адам окко учкан. 1105 киши туткунга түшүп, да­йынсыз жоголгон. Көтөрүлүшкө чейин Жети-Суу облусунда 84 854 түтүн эл жашаса (Пишпектен башка 5 уездде), көтөрүлүштөн кийин бул жер­де 53 миң гана түтүн калган. Падыша өкмөтү 171 адамынан ажыраган. | ||
Ад.: <i>Солтоноев Б.</i> Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 2. Б., 1993; <i>Усенбаев К.</i> 1916: Героические и траги­ческие страницы. Б., 1997; <i>Махаева А.</i> Казак-кыргыз саяси байланыстарынын тарихы (XVIII к. экинши жарымы – XX к. басы). А., 2007. | Ад.: <i>Солтоноев Б.</i> Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 2. Б., 1993; <i>Усенбаев К.</i> 1916: Героические и траги­ческие страницы. Б., 1997; <i>Махаева А.</i> Казак-кыргыз саяси байланыстарынын тарихы (XVIII к. экинши жарымы – XX к. басы). А., 2007. | ||
09:18, 3 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
КАРКЫРА КӨТӨРҮЛҮШҮ – 1916-жылы Жети-Суу облусундагы улуттук боштондук кыймылдын (кара: Үркүн) очогу. Кээ бир маалыматтарда «Албан-Бугу» көтөрүлүшү деп да аталган. 1-дүйнөлүк согушка байланыштуу жергиликтүү элден аскердик оорук иштерине алуу үчүн 1916-жылы 25-июнда чыккан падышанын буйругуна ылайык 6-июль күнү «Нарынкол–Чарын» приставынын начальниги Подворков 13 болуштун билермандарын жыйнап, аны аткарууну талап кылган. Жыйылган эл акылдашып, 3–4 күндөн кийин жооп берүүгө макул болушкан. Алар 10-июлда Каркыранын Каман-Карагай деген жеринде жыйын өткөрүп, адамдарын оорук иштерине бербейбиз деген чечимге келишкен. Бул кабар жеткенден кийин Подворков казак-орус отрядын баштап келип, жыйынга катышкандардын баарын туткунга алып, Каракол түрмөсүнө камаган. Жыйын башчысы Жамаке Мамбет уулуна уу берип өлтүрүлүп, калганы Каракол уездинин башчысы полковник Ивановдун буйругу менен 8-августта атууга буйрулган. Натыйжада, Каркыра жайлоосунда көтөрүлүш башталган. 11-августта көтөрүлүшчүлөр Жылаңач станциясын талкалап, Келгиндер башкармалыгынын бир нече кызматкери өлтүрүлгөн. 16-августта Каркыра жарманкесин басып алышкан. Сентябрда көтөрүлүш Верный, Жаркент, Лепси, Каракол уездерине тараган. Каркыра көтөрүлүшү падыша өкмөтү тарабынан түзүлгөн жазалоо отрядынын жардамы менен сентябрдын аягы – октябрдын башында аёосуз басылган.
Жазалоочу отряд көтөрүлүшкө катышкандарды куугунтуктап, Кайкы ашуусунда кырган. Архивдик маалыматтар боюнча кыргыз-казактардын жүзгө жакын айылдары талкаланып, 373 үй өрттөлсө, 684 адам жарадар болуп, 1905 адам окко учкан. 1105 киши туткунга түшүп, дайынсыз жоголгон. Көтөрүлүшкө чейин Жети-Суу облусунда 84 854 түтүн эл жашаса (Пишпектен башка 5 уездде), көтөрүлүштөн кийин бул жерде 53 миң гана түтүн калган. Падыша өкмөтү 171 адамынан ажыраган.
Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 2. Б., 1993; Усенбаев К. 1916: Героические и трагические страницы. Б., 1997; Махаева А. Казак-кыргыз саяси байланыстарынын тарихы (XVIII к. экинши жарымы – XX к. басы). А., 2007.
Э. Турганбаев.