КАРАКОЛ (Көкөмерендин сол куймасы): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАРАКОЛ 4 to КАРАКОЛ (Көкөмерендин сол куймасы)) |
(Айырма жок)
| |
09:31, 25 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРАКОЛ , Б а т ы ш К а р а к о л – Ички Теңир-Тоодогу суу, Көкөмерендин сол куймасы. Жайыл, Жумгал райондору аркылуу агат. Узундугу 89 км, алабынын аянты 1230 км2. Кыргыз Ала-Тоосу м-н Карагатты тоосунун кошулган жеринен башталып, анча кууш эмес өрөөн аркылуу агат. Негизги куймалары: Туюк-Ала- Арча, Сөөк, Ашуу-Ала-Арча, Шили-Суу, Сокулук, Чаар-Таш ж. б. Майда куймалары көп. Жылдык орточо чыгымы 19,7 м3/сек; эң көбү 56,9 м3/сек, эң азы 7,03 м3/сек. Май айында кирип, сентябрда тартылат. Боюнан Кожомкул кыштагы орун алган.