КАРАГУЛОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
м (Temirkan moved page КАРАГУЛОВ Бакыт to КАРАГУЛОВ over redirect)
 
(Айырма жок)

10:12, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы

Б. Карагуловдун «Ата» тасмасынан кадр.

КАРАГУЛОВ Бакыт (12. 8. 1950-жылы туулган, Фрун­зе – 27. 6. 2020-жыл, Бишкек шаары ) – кинорежиссёр, Кыргыз Республикасынын эл артисти (2007). Кыргыз мамлекеттик университетин (1972), Москвадагы киноакадемияны (1989) бүткөн. «Кыргызтелефильм» (1972–1976), «Фине­ма» студияларында режиссёр, директор (1978–2005), 2007-жылдан «Кыргызфильм» улуттук киностудиянын директору. «Айдагы жез кемпир» (Бүткүл союздук кино­фестивалдын мыкты режис­сура үчүн атайын сыйлыгы, Бишкек, 1985), «Бороондуу бекет» (Алтын камера сыйлыгы, Берлинаре, 1996), «Саманчынын жолу» (Атайын сыйлыгы, Берлин, 2000), «Най­ман эненин көз жашы» (Ата­йын сыйлыгы, Австрия, 2006) жана башка тасмаларды тарткан. Айрым тасмалары («Биринчи генерал», «Тур­муш гүлдөрү», «Ат жалын бек карма», «Куш өмүр» жана башкалар) Токио, Египет, Италия, Венгрия, Канадада өткөн эл аралык фестивалдарга ка­тышкан. Ч. Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты.