ГЕРЦИН ЕВРОПАСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕРЦИ́Н ЕВРОПАСЫ ''' – Ортонку Европада Франциянын | '''ГЕРЦИ́Н ЕВРОПАСЫ ''' – Ортонку Европада Франциянын борбордук бөлүгүнөн тартып, Висла менен Дунайга чейин созулуп жаткан тоолуу табигый өлкө. Түштүгүнөн Альп жана Динара тоолору, түндүгүнөн Ортонку Европа түздүгү менен чектешет. ''Герцин бүктөлүшүндө'' пайда болгон тектоникалык структура басымдуу. Рельефине орто бийиктиктеги тоолор, дөӊсөөлөр (Борбордук Франция массиви, Арморикан дөӊсөөсү, Вогез, Шварцвальд, Рейн-Сланец ж. б. тоолор), кырдуу платолор (Франкон Альб ж. б.) жана ойдуӊдар (Париж бассейни) мүнөздүү. Климаты мелүүн, деӊиздик, чыгыш бөлүгүндө мелүүн континенттик. Январдын орточо температурасы бардык жеринде 0°Сден жогору, кышы жумшак, кар чанда жаайт, дарыялары тоӊбойт. Жайы мелүүн-ысык, июлдун орточо температурасы 17–20°С. Тоолорунда жылдык жаан-чачыны 1000–2000 ''мм'', түздүктөрүндө 500–800 ''мм''. Дарыялары: Луара, Сена, Рейн, Эльба ж. б. Тоолорунда жазы (эмен, бук, граб, каштан) жана ийне жалбырактуу (карагай, пихта, кызыл карагай) токойлор өсөт. Түздүктөрү айдалат. Кен байлыктарга жана суу ресурстарына бай. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
08:53, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
ГЕРЦИ́Н ЕВРОПАСЫ – Ортонку Европада Франциянын борбордук бөлүгүнөн тартып, Висла менен Дунайга чейин созулуп жаткан тоолуу табигый өлкө. Түштүгүнөн Альп жана Динара тоолору, түндүгүнөн Ортонку Европа түздүгү менен чектешет. Герцин бүктөлүшүндө пайда болгон тектоникалык структура басымдуу. Рельефине орто бийиктиктеги тоолор, дөӊсөөлөр (Борбордук Франция массиви, Арморикан дөӊсөөсү, Вогез, Шварцвальд, Рейн-Сланец ж. б. тоолор), кырдуу платолор (Франкон Альб ж. б.) жана ойдуӊдар (Париж бассейни) мүнөздүү. Климаты мелүүн, деӊиздик, чыгыш бөлүгүндө мелүүн континенттик. Январдын орточо температурасы бардык жеринде 0°Сден жогору, кышы жумшак, кар чанда жаайт, дарыялары тоӊбойт. Жайы мелүүн-ысык, июлдун орточо температурасы 17–20°С. Тоолорунда жылдык жаан-чачыны 1000–2000 мм, түздүктөрүндө 500–800 мм. Дарыялары: Луара, Сена, Рейн, Эльба ж. б. Тоолорунда жазы (эмен, бук, граб, каштан) жана ийне жалбырактуу (карагай, пихта, кызыл карагай) токойлор өсөт. Түздүктөрү айдалат. Кен байлыктарга жана суу ресурстарына бай.