ГЕРЦИН ЕВРОПАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГЕРЦИ́Н ЕВРОПАСЫ ''' – Ортонку Европада Франциянын борб. бөлүгүнөн тартып, Висла м-н Дунайга чейин созулуп жаткан тоолуу табигый өлкө. Түштүгүнөн Альп ж-а Динара тоолору, түндүгүнөн Ортонку Европа түздүгү м-н чектешет. ''Герцин бүктөлүшүндө'' пайда болгон тектон. структура басымдуу. Рельефине орто бийиктиктеги тоолор, дөӊсөөлөр (Борб. Франция массиви, Арморикан дөӊсөөсү, Вогез, Шварцвальд, Рейн-Сланец ж. б. тоолор), кырдуу платолор (Франкон Альб ж. б.) ж-а ойдуӊдар (Париж бассейни) мүнөздүү. Климаты мелүүн, деӊиздик, чыгыш бөлүгүндө мелүүн континенттик. Январдын орт. темп-расы бардык жеринде 0°Сден жогору, кышы жумшак, кар чанда жаайт, дарыялары тоӊбойт. Жайы мелүүн-ысык, июлдун орт. темп-расы 17–20°С. Тоолорунда жылдык жаан-чачыны 1000–2000 ''мм'', түздүктөрүндө 500–800 ''мм''. Дарыялары: Луара, Сена, Рейн, Эльба ж. б. Тоолорунда жазы (эмен, бук, граб, каштан) ж-а ийне жалбырактуу (карагай, пихта, кызыл карагай) токойлор өсөт. Түздүктөрү айдалат. Кен байлыктарга ж-а суу ресурстарына бай.
'''ГЕРЦИ́Н ЕВРОПАСЫ ''' – Ортонку Европада Франциянын борбордук бөлүгүнөн тартып, Висла менен Дунайга чейин созулуп жаткан тоолуу табигый өлкө. Түштүгүнөн Альп жана Динара тоолору, түндүгүнөн Ортонку Европа түздүгү менен чектешет. ''Герцин бүктөлүшүндө'' пайда болгон тектоникалык структура басымдуу. Рельефине орто бийиктиктеги тоолор, дөӊсөөлөр (Борбордук Франция массиви, Арморикан дөӊсөөсү, Вогез, Шварцвальд, Рейн-Сланец ж. б. тоолор), кырдуу платолор (Франкон Альб ж. б.) жана ойдуӊдар (Париж бассейни) мүнөздүү. Климаты мелүүн, деӊиздик, чыгыш бөлүгүндө мелүүн континенттик. Январдын орточо температурасы бардык жеринде 0°Сден жогору, кышы жумшак, кар чанда жаайт, дарыялары тоӊбойт. Жайы мелүүн-ысык, июлдун орточо температурасы 17–20°С. Тоолорунда жылдык жаан-чачыны 1000–2000 ''мм'', түздүктөрүндө 500–800 ''мм''. Дарыялары: Луара, Сена, Рейн, Эльба ж. б. Тоолорунда жазы (эмен, бук, граб, каштан) жана ийне жалбырактуу (карагай, пихта, кызыл карагай) токойлор өсөт. Түздүктөрү айдалат. Кен байлыктарга жана суу ресурстарына бай.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:53, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

ГЕРЦИ́Н ЕВРОПАСЫ – Ортонку Европада Франциянын борбордук бөлүгүнөн тартып, Висла менен Дунайга чейин созулуп жаткан тоолуу табигый өлкө. Түштүгүнөн Альп жана Динара тоолору, түндүгүнөн Ортонку Европа түздүгү менен чектешет. Герцин бүктөлүшүндө пайда болгон тектоникалык структура басымдуу. Рельефине орто бийиктиктеги тоолор, дөӊсөөлөр (Борбордук Франция массиви, Арморикан дөӊсөөсү, Вогез, Шварцвальд, Рейн-Сланец ж. б. тоолор), кырдуу платолор (Франкон Альб ж. б.) жана ойдуӊдар (Париж бассейни) мүнөздүү. Климаты мелүүн, деӊиздик, чыгыш бөлүгүндө мелүүн континенттик. Январдын орточо температурасы бардык жеринде 0°Сден жогору, кышы жумшак, кар чанда жаайт, дарыялары тоӊбойт. Жайы мелүүн-ысык, июлдун орточо температурасы 17–20°С. Тоолорунда жылдык жаан-чачыны 1000–2000 мм, түздүктөрүндө 500–800 мм. Дарыялары: Луара, Сена, Рейн, Эльба ж. б. Тоолорунда жазы (эмен, бук, граб, каштан) жана ийне жалбырактуу (карагай, пихта, кызыл карагай) токойлор өсөт. Түздүктөрү айдалат. Кен байлыктарга жана суу ресурстарына бай.