ГЕРЦИН БҮКТӨЛҮШҮ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕРЦИ́Н БҮКТӨЛҮШҮ''' , в а р и с б ү к т ө л ү ш ү – геосинклиналь | '''ГЕРЦИ́Н БҮКТӨЛҮШҮ''' , в а р и с б ү к т ө л ү ш ү – геосинклиналь облусундагы тоо тек катмарларынын ''каледон бүктөлүшүнөн'' кийин, палеозой заманынын 2-жарымында (девондун аягы – триастын башталышы) болуп өткөн ургаалдуу ''бүктөлүү.'' Герцин бүктөлүшүнүн натыйжасында тоо системалары (Герцин Европасы ж. б.) – герциниддер пайда болуп, гранитоид интрузияларынын магматизми күчөгөн. «Герцин бүктөлүшү» деген аталышты Ортонку Европадагы тоо системасы боюнча франциялык геолог М. Бертран берген, «варис бүктөлүшү» деген атты азыркы Саксония, Тюрингия, Бавария облусунун байыркы аты (Cur Variscorum) боюнча австралиялык геолог Э. Зюсс киргизген. Герцин бүктөлүшү бир нече фазадан (бретон, cудет, астурий, зааль жана пфальц) турат. Бүктөлүүнүн эӊ күчөгөн фазасы таш көмүр мезгилинин оpто ченинен тартып, алгачкы пермь мезгилин кошо камтыган. Жаӊы-Жер aрхипелагы, Таймыр, Урал, Казак Сары-Аркасынын батыш бүлөгү, Түштүк жана Ортонку Тeӊир-Тоо структуралары Герцин бүктөлүшүнө кирет. Батыш Европада Түштүк Англия, Британ массиви, Борбордук Француз массиви, Судет тоолору ж. б., Америкада – Аппалачинын түндүк жарымы жана Анд тоолорунун борбордук бөлүгүнүн чыгышы Герцин бүктөлүшү зонасына тиешелүү. Герцин бүктөлүшүнүн айрым бөлүктөрү Австралиянын чыгышында, Түндүк Африкада жана Канада архипелагында да бар.<br/>Герцин бүктөлүшү менен Урал, Алтай, Түндүк Кавказ жана Казакстандын жез, коргошун, цинк, Урал ж. б. жерлердин платина, хромит, титан-магнетит, асбест кендери байланыштуу. Герциндин гранитоид интрузияларынын натыйжасында Европа, Азия жана Чыгыш Австралияда коргошун, жез, калай, вольфрам, алтын, күмүш жана урандын көптөгөн кендери пайда болгон. Кыргызстандагы түстүү жана сейрек кездешүүчү металлдардын ири кендери Герцин бүктөлүшүнө дуушарланган тоо тектерде кезигет. Герцин бүктөлүшүндө пайда болгон алдыӊкы жана тоо аралык ойдуӊдарда таш көмүр, калий жана таш туздардын ири бассейндери топтолгон. | ||
<br/> | |||
<br/>Ад.: Герцинская складчатость //Большая российская энциклопедия. Т. 7. М., 2008. | <br />Ад.: Герцинская складчатость //Большая российская энциклопедия. Т. 7. М., 2008. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
08:51, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
ГЕРЦИ́Н БҮКТӨЛҮШҮ , в а р и с б ү к т ө л ү ш ү – геосинклиналь облусундагы тоо тек катмарларынын каледон бүктөлүшүнөн кийин, палеозой заманынын 2-жарымында (девондун аягы – триастын башталышы) болуп өткөн ургаалдуу бүктөлүү. Герцин бүктөлүшүнүн натыйжасында тоо системалары (Герцин Европасы ж. б.) – герциниддер пайда болуп, гранитоид интрузияларынын магматизми күчөгөн. «Герцин бүктөлүшү» деген аталышты Ортонку Европадагы тоо системасы боюнча франциялык геолог М. Бертран берген, «варис бүктөлүшү» деген атты азыркы Саксония, Тюрингия, Бавария облусунун байыркы аты (Cur Variscorum) боюнча австралиялык геолог Э. Зюсс киргизген. Герцин бүктөлүшү бир нече фазадан (бретон, cудет, астурий, зааль жана пфальц) турат. Бүктөлүүнүн эӊ күчөгөн фазасы таш көмүр мезгилинин оpто ченинен тартып, алгачкы пермь мезгилин кошо камтыган. Жаӊы-Жер aрхипелагы, Таймыр, Урал, Казак Сары-Аркасынын батыш бүлөгү, Түштүк жана Ортонку Тeӊир-Тоо структуралары Герцин бүктөлүшүнө кирет. Батыш Европада Түштүк Англия, Британ массиви, Борбордук Француз массиви, Судет тоолору ж. б., Америкада – Аппалачинын түндүк жарымы жана Анд тоолорунун борбордук бөлүгүнүн чыгышы Герцин бүктөлүшү зонасына тиешелүү. Герцин бүктөлүшүнүн айрым бөлүктөрү Австралиянын чыгышында, Түндүк Африкада жана Канада архипелагында да бар.
Герцин бүктөлүшү менен Урал, Алтай, Түндүк Кавказ жана Казакстандын жез, коргошун, цинк, Урал ж. б. жерлердин платина, хромит, титан-магнетит, асбест кендери байланыштуу. Герциндин гранитоид интрузияларынын натыйжасында Европа, Азия жана Чыгыш Австралияда коргошун, жез, калай, вольфрам, алтын, күмүш жана урандын көптөгөн кендери пайда болгон. Кыргызстандагы түстүү жана сейрек кездешүүчү металлдардын ири кендери Герцин бүктөлүшүнө дуушарланган тоо тектерде кезигет. Герцин бүктөлүшүндө пайда болгон алдыӊкы жана тоо аралык ойдуӊдарда таш көмүр, калий жана таш туздардын ири бассейндери топтолгон.
Ад.: Герцинская складчатость //Большая российская энциклопедия. Т. 7. М., 2008.