КИЕВ-ПЕЧЁРА ЛАВРАСЫ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 2 сап: | 2 сап: | ||
[[File:КИЕВ-ПЕЧЁРА ЛАВРАСЫ29.png | thumb | Киев-Печёра лаврасы. Успенье собору (XI–XVIII кылымдар); 1998–2000-жылдары калыбына келтирилген.]] | [[File:КИЕВ-ПЕЧЁРА ЛАВРАСЫ29.png | thumb | Киев-Печёра лаврасы. Успенье собору (XI–XVIII кылымдар); 1998–2000-жылдары калыбына келтирилген.]] | ||
жыл баян жазылган, икона тартуучу өнөркана, бас­макана, мектеп иштеген. Байыркы курулушта­ры: Успенье собору (XI–XVIII кылымдар. 1941-жылы талкалан­ган, 1998–2000-жылдары калыбына келтирилген) – Троица чиркөөсү (1108-жыл, XVIII кылымда кайра курул­ган) – украин бароккосунун стилинде салынган таш дубалдар (1670–1702) | жыл баян жазылган, икона тартуучу өнөркана, бас­макана, мектеп иштеген. Байыркы курулушта­ры: Успенье собору (XI–XVIII кылымдар. 1941-жылы талкалан­ган, 1998–2000-жылдары калыбына келтирилген) – Троица чиркөөсү (1108-жыл, XVIII кылымда кайра курул­ган) – украин бароккосунун стилинде салынган таш дубалдар (1670–1702), чиркөөлөр (1696–1698) жана бир катар имараттар бар. Төмөнкү лаврада Киев жана бүткүл Украина митрополитинин ре­зиденциясы, диний академия, семинария жай­гашкан. Жогорку лаврада музейлер, тарыхый китепкана жана башка маданий мекемелер бар. Киев-Печёра лаврасы София собору ансамбли, Спас Преображение чиркөөсү менен бирге <i>Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине</i> кирген. | ||
[[Категория:4-том, 257-306 бб]] | [[Категория:4-том, 257-306 бб]] | ||
08:11, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КИ́ЕВ-ПЕЧЁРА ЛАВРАСЫ – Рустагы эң байыркы монастырь, Киевде. Эркектер монастыры катары 1051-жылы негизделген. Киев-Печёра лаврасы XI кылымдын аягынан чиркөө жана маданияттын ири борбору болуу менен бирге саясий таасирге ээ болгон. 1240-жылы монастырь татар-моңгол жортуулунда кыйроого учураган. 1598-жылдан лавра деп аталган. 1926-жылдан тарыхый-маданий музей-корук, 1988-жылдан кайрадан монастырь. Киев-Печёра лаврасынын архитектуралык комплексине Жогорку лавра менен Алыскы жана Жакынкы үңкүрлөр кирет. Алар XI–XVIII кылымдарда курулган. Бул жасалма үңкүрлөрдө байыркы учурда монахтар жашаган жай жана храм – кийин XVI кылымга чейин көрүстөн, XI–XVI кылымдарда монастырь диний жана маданий борбор болгон:

жыл баян жазылган, икона тартуучу өнөркана, басмакана, мектеп иштеген. Байыркы курулуштары: Успенье собору (XI–XVIII кылымдар. 1941-жылы талкаланган, 1998–2000-жылдары калыбына келтирилген) – Троица чиркөөсү (1108-жыл, XVIII кылымда кайра курулган) – украин бароккосунун стилинде салынган таш дубалдар (1670–1702), чиркөөлөр (1696–1698) жана бир катар имараттар бар. Төмөнкү лаврада Киев жана бүткүл Украина митрополитинин резиденциясы, диний академия, семинария жайгашкан. Жогорку лаврада музейлер, тарыхый китепкана жана башка маданий мекемелер бар. Киев-Печёра лаврасы София собору ансамбли, Спас Преображение чиркөөсү менен бирге Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.