КЕСМЕ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
4 сап: 4 сап:




Ошондой эле кой (уй) этин бөртүп туурап, майга кууруп, коруш-татымал­дарды кошуп, үстүнө керегинче суу куюп, кай­наган шорпого кесме салынып жасалган суюк та­мак да кесме  деп аталат. Сүткө бышырылса с ү т кесме , нак шорпого бышканы ш о р т е к  кесме, кымыз, сүт, айран же сүзмө кошулганы к а­ т ы к т а л г а н  кесме, куурулганы к у у р м а кесме. делет. Учурда технологиялык жол менен чыгарылган кесменин түрү көбөйүүдө.
Ошондой эле кой (уй) этин бөртүп туурап, майга кууруп, коруш-татымал­дарды кошуп, үстүнө керегинче суу куюп, кай­наган шорпого кесме салынып жасалган суюк та­мак да кесме  деп аталат. Сүткө бышырылса с ү т кесме , нак шорпого бышканы ш о р т е к  кесме, кымыз, сүт, айран же сүзмө кошулганы к а­ т ы к т а л г а н  кесме, куурулганы к у у р м а кесме делет. Учурда технологиялык жол менен чыгарылган кесменин түрү көбөйүүдө.
 


Ад.: <i>Бөрүбаев Т.</i> Кыргыз даамы. Ф., 1984.
Ад.: <i>Бөрүбаев Т.</i> Кыргыз даамы. Ф., 1984.
[[Категория:4-том, 257-306 бб]]
[[Категория:4-том, 257-306 бб]]

08:25, 26 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КЕСМЕ – жука жайылган камырдан ичке кеси­лип, шорпого салына турган азык жана андан бышырылган ысык тамак. Буудай унуна туз, кээде жумуртка кошулуп, катуу жуурулган ка­мырды жакшылап ийлеп, ийи жеткенде саамга тыныктырып коёт. Андан кийин чактап үзүп алып, аш тактанын бетине үбөлүк менен тегиз жукартып жаят. Жайылган камыр жабышпасын үчүн ун сээп, үбөлүккө ороп, кат-кат бүк­төйт да, ичке ке­сет. Кесмени силкип, супаранын бетине жайып, тоборсу­гандан кийин унун күбүп, кайнап жаткан сорпого салат.


Ошондой эле кой (уй) этин бөртүп туурап, майга кууруп, коруш-татымал­дарды кошуп, үстүнө керегинче суу куюп, кай­наган шорпого кесме салынып жасалган суюк та­мак да кесме деп аталат. Сүткө бышырылса с ү т кесме , нак шорпого бышканы ш о р т е к кесме, кымыз, сүт, айран же сүзмө кошулганы к а­ т ы к т а л г а н кесме, куурулганы к у у р м а кесме делет. Учурда технологиялык жол менен чыгарылган кесменин түрү көбөйүүдө.

Ад.: Бөрүбаев Т. Кыргыз даамы. Ф., 1984.