КИОТО: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КИО́ТО – </b> | <b type='title'>КИО́ТО – </b>Жапониядагы шаар. Хонсю аралында жай­гашкан. Киото префектурасынын административдик борбору. Калкы 1,5 млн (2009). Жол тоому. Киоти аркылуу «Синка сен» жогорку ылдамдык темир жолунун «То­кайда – Санъё» (Токио – Фукуока) линиясы жана «Мейсин» (Нагоя–Нисиномия) автострада­сы өтөт. Метрополитен (1981). Киото 792–794-жылдары ку­рулган; 794–1192-жылдары Хэйан аталган. XII кылымда Киото ата­лып, 1868-жылга чейин Жапониянын борбору болгон; императордун резиденциясы. | ||
«Синка сен» жогорку ылдамдык | |||
[[File:КИОТО54.png | thumb | Киотодогу тар көчөлөрдүн бири.]] | [[File:КИОТО54.png | thumb | Киотодогу тар көчөлөрдүн бири.]] | ||
1956-жылдан шаар макамына ээ. Салттуу көөнө көркөм кол өнөрчүлүк (лакталган жана коло буюмдар, фар­фор, накта жибек, кооз сайма, диний буюмдар) өндүрүшүнүн борбору. Киотодо бир нече ири банк­тардын башкы кеңселери, инвестиция-кредит компаниялары жана жапониялык өнөр жай фирмала­рынын штаб-квартиралары жайгашкан. Маши­на куруу (анын ичинде текстиль өндүрүшү үчүн жабдуу, медицина жана так өлчөөчү аспаптар), түстүү метал­лургия, электр-техника, электроника, химия, фарма­цевтика, полиграфия, тамак-аш өнөр жай ишканалары өнүккөн. Жапонияда жогорку окуу жайлардын саны боюнча Токио­дон кийинки 2-орунда турат. Шаарда 40ка жа­кын университет (анын ичинде мамлекеттик эместери да бар) жана кол­леж, 30дан ашык музей (анын ичинде улуттук, заман­бап искусство галереясы), театрлар бар. Ошондой эле 200дөн ашык синтоист чиркөөлөрү жана 1500дөн ашык будда храмдары сакталган. Камигамод­зиндзя (XI кылым), Симогамодзиндзя (Камомиоя, VII кылым) храм комплекси, Тодзи храмы (VIII–XII кылымдар), Сайходзи, Тенрюдзи (экөө тең XIV кылым), Кинкакудзи («Алтын храм», XIV кылым), Гинкакудзи («Күмүш храм», XV кылымдын аягы) жана башка храмдар, Ндзёдзё ак сарай комплекси (XVI–XVII кылымдар) жана Киотога жакын жерде жайгашкан Дайгодзи (874-жылы) Самбони (1115-жыл) монастырлары, Бёдоин будда монас­тыры (1000-жыл ченде ак сарай катары негиздел­ген; 1052-жылдан монастырь; башкы имараты – «Феникс залы») <i>Бүткүл дүйнөлүк мурастар</i> тиз­месине киргизилген. Туризмдин маанилүү бор­бору (жылына 42 млндон ашык, анын 11 млну түнөп кетет, 2002). Жыл сайын театр фестивал­дары өткөрүлүп турат. | |||
өнөрчүлүк (лакталган | |||
өндүрүшүнүн борбору. | |||
өнүккөн. | |||
Сайходзи, Тенрюдзи (экөө тең | |||
ак сарай комплекси ( | |||
жерде жайгашкан Дайгодзи (874- | |||
«Феникс залы») <i>Бүткүл дүйнөлүк | |||
[[Категория:4-том, 257-306 бб]] | [[Категория:4-том, 257-306 бб]] | ||
10:40, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КИО́ТО – Жапониядагы шаар. Хонсю аралында жайгашкан. Киото префектурасынын административдик борбору. Калкы 1,5 млн (2009). Жол тоому. Киоти аркылуу «Синка сен» жогорку ылдамдык темир жолунун «Токайда – Санъё» (Токио – Фукуока) линиясы жана «Мейсин» (Нагоя–Нисиномия) автострадасы өтөт. Метрополитен (1981). Киото 792–794-жылдары курулган; 794–1192-жылдары Хэйан аталган. XII кылымда Киото аталып, 1868-жылга чейин Жапониянын борбору болгон; императордун резиденциясы.

1956-жылдан шаар макамына ээ. Салттуу көөнө көркөм кол өнөрчүлүк (лакталган жана коло буюмдар, фарфор, накта жибек, кооз сайма, диний буюмдар) өндүрүшүнүн борбору. Киотодо бир нече ири банктардын башкы кеңселери, инвестиция-кредит компаниялары жана жапониялык өнөр жай фирмаларынын штаб-квартиралары жайгашкан. Машина куруу (анын ичинде текстиль өндүрүшү үчүн жабдуу, медицина жана так өлчөөчү аспаптар), түстүү металлургия, электр-техника, электроника, химия, фармацевтика, полиграфия, тамак-аш өнөр жай ишканалары өнүккөн. Жапонияда жогорку окуу жайлардын саны боюнча Токиодон кийинки 2-орунда турат. Шаарда 40ка жакын университет (анын ичинде мамлекеттик эместери да бар) жана коллеж, 30дан ашык музей (анын ичинде улуттук, заманбап искусство галереясы), театрлар бар. Ошондой эле 200дөн ашык синтоист чиркөөлөрү жана 1500дөн ашык будда храмдары сакталган. Камигамодзиндзя (XI кылым), Симогамодзиндзя (Камомиоя, VII кылым) храм комплекси, Тодзи храмы (VIII–XII кылымдар), Сайходзи, Тенрюдзи (экөө тең XIV кылым), Кинкакудзи («Алтын храм», XIV кылым), Гинкакудзи («Күмүш храм», XV кылымдын аягы) жана башка храмдар, Ндзёдзё ак сарай комплекси (XVI–XVII кылымдар) жана Киотога жакын жерде жайгашкан Дайгодзи (874-жылы) Самбони (1115-жыл) монастырлары, Бёдоин будда монастыры (1000-жыл ченде ак сарай катары негизделген; 1052-жылдан монастырь; башкы имараты – «Феникс залы») Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Туризмдин маанилүү борбору (жылына 42 млндон ашык, анын 11 млну түнөп кетет, 2002). Жыл сайын театр фестивалдары өткөрүлүп турат.