КИНОФЕСТИВАЛЬ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КИНОФЕСТИВА́ЛЬ</b> – белгилүү программанын | <b type='title'>КИНОФЕСТИВА́ЛЬ</b> – белгилүү программанын чегинде кино чыгармаларынын кароосу. Кинофестиваль ар кандай формада өтөт. Мелдештин салттуу түрү – <i>Эл аралык кинофестивалдар</i> (ЭКФ). Кинематог­рафиясы өнүккөн өлкөлөр кино жетишкендик­терин көрсөтүү, анын андан аркы өнүгүү багы­тын аныктоо максатында өз тасмаларынын фес­тивалдарын уюштурушат. Айрым өлкөлөрдө ти­гил же бул темага, же белгилүү кино ишмерле­рине арналган тасмаларды көрсөтүү да фести­валь деп аталат. Маданий жана эл аралык бай­ланыштардын өсүшү жана кино ишмерлеринин өз ара маалымат алмашууга умтулуусу фести­валдын улуттук тасманы чет өлкөдө көрсөтүү сыяктуу түрүн белгиледи. Мындай кинофестивалдар он күн­дүк, цикл, кароо, айлык, жумалык, күн деген аталышта уюштурулат. Кинофестиваль – жалпы жана ата­йын (кинематографиянын жанры жана түрлөрү), сынак жана сынактан тышкары, эл ара­лык, улуттук жана жергиликтүү болуп бөлүнөт. Кинофестивалдын системасына (кино рыноктор, кино долбоорлор рыногу, сыйлыктарды тапшыруу, тасма тарт­кандар менен көрүүчүлөрдүн жолугушуусу, салта­наттуу премьералар, илимий жана пресс-конференциялар, кабыл алуулар, чеберчилик класстары, семинар­лар, жана башкалар) кино искусствосун коомчулукка жет­кирүү иш-чаралары кирет. Кинофестиваль. жылына бир жолу же эки жылда бир уюштурулат. Биринчи кинофестиваль Ве­нецияда 1932-жылы өткөн. Канны (1946) жана Бер­лин (1951) фестивалдары таасирдүү деп эсепте­лип, жалпы профилдеги толук метраждуу тасмалардын Эл аралык кинофестиваль тобуна («А» классына) ки­рет. Ошондой эле кино өндүрүшүнүн ири борборло­ру – Локарно (1946), Карлови-Вари (1946), Сан-Себастьян (1953), Каир (1976), Токио (1985), Шанхай (1993) жана башка шаарларда өтүүчү Эл аралык кинофестивалдар менен бирге кыска метраждуу (Оберхаузен, 1935), ани­мациялык (Франция, 1960), эксперименттик (Роттердам, 1972) жана башка тасмалардын Эл аралык кинофестивалдары өткөрүлүп турат. СССРде биринчи кинофестиваль 1935-жылы Москвада өтүп, 1959-жылы кайрадан башталган (1972-жылы «А» классына кирген; 1999-жылга чейин эки жылда бир, кийин жыл сайын). Россияда ошондой эле даректүү, кыска метраждуу, ойномо жана анимациялык тасмалардын атайын сынактык көптөгөн кинофестивалдары өткөрүлөт. «Россия» улуттар аралык даректүү кинолордун ачык фестивалы [Бүткүл союздук кинофестиваль (БКФ) катары 1988-жылы өткөн], «Кинотавр» (1991, Сочи), «Ки­ношок» (1992, Анапа, биринчи жолу «Авангард кинонун «Киношок» форуму» катары өткөн), Балтика жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүнүн ачык фестивал­дары (1995) өткөн. СССР мезгилинде кинофестивалдар Ташкент­те (Азия, Африка жана Латын Америкасы өлкө­лөрүнүн, 1968), Киевде («Молодость», 1970), Ри­гада («Арсенал», 1988), Алма-Атада («Евразия», 1998) жана башкаларда өтүп турган. Кыргыз кино ишмер­лери да мындай фестивалдарга өз тасмалары менен үзбөй катышып турушат жана сыйлык ал­ган тасмалар: «Ак илбирстин тукуму» (режиссёру Т. Океев, «Күмүш аюу», Берлин, 1985), «Ысык- Көлдүн кызгалдактары» (Б. Шамшиев ,Бүткүл союздук кинофестивалдын (БКФ) Атайын байгеси, Страсбург, 1973), «Ак кеме» Б. Шамшиев, Бүткүл союздук кинофестивалдын Чоң байгеси, Фрунзе, 1976, Бүткүл союздук кинофестивалдын «Альп алтын рододендрону» Гран- Приси, Тренто, Италия, 1977), «Жалаң эркек­тер» (А. Видугирис, «Дамасктын күмүш кылы­чы» Гран-Приси, 2-БКФ, Дамаск, 1981), «Боро­ондуу бекет» (Б. Карагулов, «Алтын камера» сыйлыгын, Берлин, 1996), «Саманчынын жолу» (Г. Базаров, Бүткүл союздук кинофестивалдын Атайын байгеси, Австрия, 2006), «Беш кемпир» (А. А. Кубат, «Кыргыз­фильм» – «Ное-Продксьон», «Күмүш кабылан», Локарно-Швейцария, 1998; «Кинотасмалардын күмүш кутучасы», Сингапур, 1998), «Айыл өкмөтү» (Э. Абдыжапаров, «Дидор» Эл аралык кинофестивалдын Гран-Приси, Дүйшөмбү, 2004; Эл аралык кинофестивалдын Мыкты режиссура үчүн байгеси, «Киношок», Анапа) жана башкалар. 2000-жылы Т. Бирназаров, Т. Ибрагимов, Б. Абдылдаев, М. Сарулу, М. Алыкулов жана башка ки­норежиссёрлордун тасмалары Эл аралык кинофестивалдардын бай­гелерине арзыган. 2007-жылы Кыргызстанда Шанхай кызматташтыгы уюмуна кир­ген өлкөлөрдүн 1-Эл аралык кинофестивалы өткөрүлгөн. 2008-жылы бул кинофестиваль Азия, Европа, Аме­рика континенттеринин 15тен ашуун мамлекет­теринин өкүлдөрүнүн катышуусу менен экинчи ирет уюштурулган. | ||
чегинде кино чыгармаларынын кароосу. | |||
<i>Эл аралык кинофестивалдар</i> (ЭКФ). Кинематог­рафиясы өнүккөн өлкөлөр кино жетишкендик­терин көрсөтүү, анын андан аркы өнүгүү багы­тын аныктоо максатында өз | |||
өз ара маалымат алмашууга умтулуусу фести­валдын улуттук | |||
аталышта уюштурулат. | |||
Себастьян (1953), Каир (1976), Токио (1985), Шанхай (1993) | |||
бирге кыска метраждуу (Оберхаузен, 1935), ани­мациялык (Франция, 1960), эксперименттик (Роттердам, 1972) | |||
өткөрүлүп турат. СССРде биринчи | |||
Локарно-Швейцария, 1998; «Кинотасмалардын күмүш кутучасы», Сингапур, 1998), «Айыл | |||
өкмөтү» (Э. Абдыжапаров, «Дидор» | |||
Гран-Приси, Дүйшөмбү, 2004; | |||
өткөрүлгөн | |||
| 19 сап: | 6 сап: | ||
<p align='right'><i type='author'>Г. Төлөмүшова.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Г. Төлөмүшова.</i></p> | ||
[[Категория:4-том, 257-306 бб]] | [[Категория:4-том, 257-306 бб]] | ||
09:46, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КИНОФЕСТИВА́ЛЬ – белгилүү программанын чегинде кино чыгармаларынын кароосу. Кинофестиваль ар кандай формада өтөт. Мелдештин салттуу түрү – Эл аралык кинофестивалдар (ЭКФ). Кинематографиясы өнүккөн өлкөлөр кино жетишкендиктерин көрсөтүү, анын андан аркы өнүгүү багытын аныктоо максатында өз тасмаларынын фестивалдарын уюштурушат. Айрым өлкөлөрдө тигил же бул темага, же белгилүү кино ишмерлерине арналган тасмаларды көрсөтүү да фестиваль деп аталат. Маданий жана эл аралык байланыштардын өсүшү жана кино ишмерлеринин өз ара маалымат алмашууга умтулуусу фестивалдын улуттук тасманы чет өлкөдө көрсөтүү сыяктуу түрүн белгиледи. Мындай кинофестивалдар он күндүк, цикл, кароо, айлык, жумалык, күн деген аталышта уюштурулат. Кинофестиваль – жалпы жана атайын (кинематографиянын жанры жана түрлөрү), сынак жана сынактан тышкары, эл аралык, улуттук жана жергиликтүү болуп бөлүнөт. Кинофестивалдын системасына (кино рыноктор, кино долбоорлор рыногу, сыйлыктарды тапшыруу, тасма тарткандар менен көрүүчүлөрдүн жолугушуусу, салтанаттуу премьералар, илимий жана пресс-конференциялар, кабыл алуулар, чеберчилик класстары, семинарлар, жана башкалар) кино искусствосун коомчулукка жеткирүү иш-чаралары кирет. Кинофестиваль. жылына бир жолу же эки жылда бир уюштурулат. Биринчи кинофестиваль Венецияда 1932-жылы өткөн. Канны (1946) жана Берлин (1951) фестивалдары таасирдүү деп эсептелип, жалпы профилдеги толук метраждуу тасмалардын Эл аралык кинофестиваль тобуна («А» классына) кирет. Ошондой эле кино өндүрүшүнүн ири борборлору – Локарно (1946), Карлови-Вари (1946), Сан-Себастьян (1953), Каир (1976), Токио (1985), Шанхай (1993) жана башка шаарларда өтүүчү Эл аралык кинофестивалдар менен бирге кыска метраждуу (Оберхаузен, 1935), анимациялык (Франция, 1960), эксперименттик (Роттердам, 1972) жана башка тасмалардын Эл аралык кинофестивалдары өткөрүлүп турат. СССРде биринчи кинофестиваль 1935-жылы Москвада өтүп, 1959-жылы кайрадан башталган (1972-жылы «А» классына кирген; 1999-жылга чейин эки жылда бир, кийин жыл сайын). Россияда ошондой эле даректүү, кыска метраждуу, ойномо жана анимациялык тасмалардын атайын сынактык көптөгөн кинофестивалдары өткөрүлөт. «Россия» улуттар аралык даректүү кинолордун ачык фестивалы [Бүткүл союздук кинофестиваль (БКФ) катары 1988-жылы өткөн], «Кинотавр» (1991, Сочи), «Киношок» (1992, Анапа, биринчи жолу «Авангард кинонун «Киношок» форуму» катары өткөн), Балтика жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүнүн ачык фестивалдары (1995) өткөн. СССР мезгилинде кинофестивалдар Ташкентте (Азия, Африка жана Латын Америкасы өлкөлөрүнүн, 1968), Киевде («Молодость», 1970), Ригада («Арсенал», 1988), Алма-Атада («Евразия», 1998) жана башкаларда өтүп турган. Кыргыз кино ишмерлери да мындай фестивалдарга өз тасмалары менен үзбөй катышып турушат жана сыйлык алган тасмалар: «Ак илбирстин тукуму» (режиссёру Т. Океев, «Күмүш аюу», Берлин, 1985), «Ысык- Көлдүн кызгалдактары» (Б. Шамшиев ,Бүткүл союздук кинофестивалдын (БКФ) Атайын байгеси, Страсбург, 1973), «Ак кеме» Б. Шамшиев, Бүткүл союздук кинофестивалдын Чоң байгеси, Фрунзе, 1976, Бүткүл союздук кинофестивалдын «Альп алтын рододендрону» Гран- Приси, Тренто, Италия, 1977), «Жалаң эркектер» (А. Видугирис, «Дамасктын күмүш кылычы» Гран-Приси, 2-БКФ, Дамаск, 1981), «Бороондуу бекет» (Б. Карагулов, «Алтын камера» сыйлыгын, Берлин, 1996), «Саманчынын жолу» (Г. Базаров, Бүткүл союздук кинофестивалдын Атайын байгеси, Австрия, 2006), «Беш кемпир» (А. А. Кубат, «Кыргызфильм» – «Ное-Продксьон», «Күмүш кабылан», Локарно-Швейцария, 1998; «Кинотасмалардын күмүш кутучасы», Сингапур, 1998), «Айыл өкмөтү» (Э. Абдыжапаров, «Дидор» Эл аралык кинофестивалдын Гран-Приси, Дүйшөмбү, 2004; Эл аралык кинофестивалдын Мыкты режиссура үчүн байгеси, «Киношок», Анапа) жана башкалар. 2000-жылы Т. Бирназаров, Т. Ибрагимов, Б. Абдылдаев, М. Сарулу, М. Алыкулов жана башка кинорежиссёрлордун тасмалары Эл аралык кинофестивалдардын байгелерине арзыган. 2007-жылы Кыргызстанда Шанхай кызматташтыгы уюмуна кирген өлкөлөрдүн 1-Эл аралык кинофестивалы өткөрүлгөн. 2008-жылы бул кинофестиваль Азия, Европа, Америка континенттеринин 15тен ашуун мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусу менен экинчи ирет уюштурулган.
Ад.: Плахов А., Под знаком F. Кинофестивали. М.,
2006; Төлөмүшова Г. Кыргызское кино в лицах. Б., 2009.
Г. Төлөмүшова.