КИНОТАСМА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КИНОТАСМА</b> , киноплёнка – бир нече катмар­луу, эки чети тепчилме тешик | <b type='title'>КИНОТАСМА</b> , киноплёнка – бир нече катмар­луу, эки чети тепчилме тешик жана жарык сез­гич, ийилчээк тасма түрүндөгү материал. Ал – кино тартууда жана кино тасмалардын көчүрмөлөрүн басуудагы эң негизги каражат. | ||
кино тартууда | |||
[[File:КИНОТАСМА52.png | thumb | Кино тартуучу аппарат: 1) 70-КСК аппа­раты; 2) 3-КСХМ «Родина» аппараты; | [[File:КИНОТАСМА52.png | thumb | Кино тартуучу аппарат: 1) 70-КСК аппа­раты; 2) 3-КСХМ «Родина» аппараты; | ||
3) 1-КСРШ «Конвас-автомат» аппараты; | 3) 1-КСРШ «Конвас-автомат» аппараты; | ||
4) 16-СП аппараты; 5) «Красноярск» ап­параты; 6) «Кварц-5» аппараты.]] | 4) 16-СП аппараты; 5) «Красноярск» ап­параты; 6) «Кварц-5» аппараты.]] | ||
Плёнканын чийки заты – кебез. Плён­ка чыгаруучу химиялык заводордо кебез механика аралашмалардан бө­лүнүп, майы чыга­рылып, агартылып таза жуулат. Ал ук­сус кислотасына ара­лаштырылып, аце­тилцеллюлоза алы­нат. Ага ацетон ко­шулуп, коюу ара­лашма түзүлөт. Буга пластификатор зат­тарын (камфара, ди­этилфталат, три­фенилфосфат жана башкалар) кошкондо ийилчээк касиетке ээ болот. Коюу аралашма ата­йын машиналарга куюлуп, андан кинотасманын негизи алынат. Не­гиздин үстүнө ата­йын жасалган ара­лашмалар (эмуль­сия, ортоңку жана сырткы катмарлардын аралашмалары) маши­налар менен куюлат. | |||
заты – кебез. Плён­ка чыгаруучу | |||
Ортоңку катмар плёнканын негизи менен эмульсияны (жарыкты сезүүчү кат­марды) тыгыз бириктирип, сырткы катмар плён­каны буралуудан сактайт. Плёнканын эң негиз­гиси – эмульсия катмары. Эмульсия таза жела­тинден алынат. Плёнкалар түстүү жана түссүз болуп бөлүнөт: биринчисине ДС-5М, ЛН-7, экин­чисине КН-1, КН-2, КН-3, КН-4 плёнкалары ки­рет, к. <i>Кинотехника</i>. | |||
[[Категория:4-том, 257-306 бб]] | [[Категория:4-том, 257-306 бб]] | ||
09:19, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КИНОТАСМА , киноплёнка – бир нече катмарлуу, эки чети тепчилме тешик жана жарык сезгич, ийилчээк тасма түрүндөгү материал. Ал – кино тартууда жана кино тасмалардын көчүрмөлөрүн басуудагы эң негизги каражат.

Плёнканын чийки заты – кебез. Плёнка чыгаруучу химиялык заводордо кебез механика аралашмалардан бөлүнүп, майы чыгарылып, агартылып таза жуулат. Ал уксус кислотасына аралаштырылып, ацетилцеллюлоза алынат. Ага ацетон кошулуп, коюу аралашма түзүлөт. Буга пластификатор заттарын (камфара, диэтилфталат, трифенилфосфат жана башкалар) кошкондо ийилчээк касиетке ээ болот. Коюу аралашма атайын машиналарга куюлуп, андан кинотасманын негизи алынат. Негиздин үстүнө атайын жасалган аралашмалар (эмульсия, ортоңку жана сырткы катмарлардын аралашмалары) машиналар менен куюлат.
Ортоңку катмар плёнканын негизи менен эмульсияны (жарыкты сезүүчү катмарды) тыгыз бириктирип, сырткы катмар плёнканы буралуудан сактайт. Плёнканын эң негизгиси – эмульсия катмары. Эмульсия таза желатинден алынат. Плёнкалар түстүү жана түссүз болуп бөлүнөт: биринчисине ДС-5М, ЛН-7, экинчисине КН-1, КН-2, КН-3, КН-4 плёнкалары кирет, к. Кинотехника.