КИНГСТОН (Канададагы шаар): нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КИ́НГСТОН</b> – Канаданын | <b type='title'>КИ́НГСТОН</b> – Канаданын түштүк-чыгыш бөлүгүн­дөгү шаар. Онтарио провинциясында. Онтарио көлүнүн түндүк-чыгыш жээгинде, Ыйык Лаврен­тий дарыясынын башатына жакын жайгашкан. Кал­кы 123 миң (2011; агломерациясында 160 миң). Маанилүү жол (автомобиль, суу ж-а темир жол магис­тралдары кесилишет) тоому. Француздар тара­бынан соода факториясы ж-а форт катары 1673-жылы негизделген. 1846-жылдан шаар. 1998-жылы анын курамына кошуна округдар (Кингстон ж-а Питтсбург) кирген. 19-кылымдагы британ чептери (анын ичинде Форт-Генри; Ридо каналына кирүүнү коргоо үчүн салынган) ж-а канал <i>Бүткүл дүйнө­лүк мурастын</i> тизмесине киргизилген. Неого­тика стилиндеги Кудай эне собору (1843–48), мэрия имараты (1842–44) сакталган. Король ун­иверситети (1841), Канада король аскер коллежи (1876), сүрөт галереясы, музейлер (геологиялык, минералдык, кри­минология, деңиз ж. б.), Эл аралык муз үстүндө­гү хоккей федерациясы (1965), театр (симфониялык ор­кестр иштейт) бар. Жыл сайын канадалык кино (2001) ж-а эл аралык жаз музыка фестивалда­ры өткөрүлүп турат. | ||
[[Категория:4-том, 257-306 бб]] | [[Категория:4-том, 257-306 бб]] | ||
05:24, 2 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КИ́НГСТОН – Канаданын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү шаар. Онтарио провинциясында. Онтарио көлүнүн түндүк-чыгыш жээгинде, Ыйык Лаврентий дарыясынын башатына жакын жайгашкан. Калкы 123 миң (2011; агломерациясында 160 миң). Маанилүү жол (автомобиль, суу ж-а темир жол магистралдары кесилишет) тоому. Француздар тарабынан соода факториясы ж-а форт катары 1673-жылы негизделген. 1846-жылдан шаар. 1998-жылы анын курамына кошуна округдар (Кингстон ж-а Питтсбург) кирген. 19-кылымдагы британ чептери (анын ичинде Форт-Генри; Ридо каналына кирүүнү коргоо үчүн салынган) ж-а канал Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Неоготика стилиндеги Кудай эне собору (1843–48), мэрия имараты (1842–44) сакталган. Король университети (1841), Канада король аскер коллежи (1876), сүрөт галереясы, музейлер (геологиялык, минералдык, криминология, деңиз ж. б.), Эл аралык муз үстүндөгү хоккей федерациясы (1965), театр (симфониялык оркестр иштейт) бар. Жыл сайын канадалык кино (2001) ж-а эл аралык жаз музыка фестивалдары өткөрүлүп турат.