КИЛЬ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КИЛЬ</b> – Германиянын түндүгүндөгү шаар. Шлез&shy;виг-Гольштейн жеринин (адм.-айм. бирдик) адм. борбору (1946-жылдан). Балтика деңизинин жээ&shy;гинде, Киль бухтасында жайгашкан. Калкы 236 миң (2008). ГФРдин түндүгүндөгү башкы жол тоо&shy;му. К-де ылдам жүрүү үчүн 6 автомагистрал ке&shy;силишет. Маанилүү соода, балык уулоочу ж-а жүргүнчү ташуучу порт (2006-ж. жылына 4,4 млн
<b type='title'>КИЛЬ</b> – Германиянын түндүгүндөгү шаар. Шлез&shy;виг-Гольштейн жеринин (административдик-аймактык бирдик) администрация борбору (1946-жылдан). Балтика деңизинин жээ&shy;гинде, Киль бухтасында жайгашкан. Калкы 248,8 миң (2023). Германия Федеративдик Республикасынын түндүгүндөгү башкы жол тоо&shy;му. Килде ылдам жүрүү үчүн 6 автомагистраль ке&shy;силишет. Маанилүү соода, балык уулоочу жана жүргүнчү ташуучу порт (2006-жыл, жылына 4,4 млн. тонна жүк, 1,7 млн. жүргүнчү ташылат; Балтикадагы германиялык порттордун ичинен 2-орунда).


[[File:КИЛЬ44.png | thumb | none]]
[[File:КИЛЬ44.png | thumb | none|Шаардын борбордук бөлүгү.]]
Шаардын борбордук бөлүгү.
Па&shy;ром аркылуу Гётеборг (Швеция), Осло (Норвегия), Клайпеда (Литва), Санкт-Петербург жана Кали&shy;нинград (Россия) шаарлары менен байланышат. 1242-жылы негизделген. XIX кылымдын 2-жарымында согуш кемелерин куруунун ири борбору болгон. 1860-жылы верфтер курулган. <i>Версаль тынчтык келишими (1919)</i> боюнча верфтеги аскердик өндү&shy;рүш токтотулган. Шаардын эски бөлүгүндө Голь&shy;штейн-Готторп герцогдорунун ак сарайлары (1280-жыл чен, бул жерде 1728-жылы Россия импера&shy;тору Пётр III туулган), ратуша (1907–1911), Ыйык Николай чиркөөсүнүн алдында Э. Барлахтын «Рух үчүн күрөшүүчү» айкели (1928), «HSH Nordbank AG» банк корпорациясынын 2 штаб&shy;-квартирасынын бирөө жана башкалар жайгашкан. Маши&shy;на, кеме куруу жана ремонттоо, тамак-аш (ба&shy;лык беленделет, тоңдурулат, консерваланат), химия (анын ичинде фармацевтика) жана жеңил (полиграфия, эмерек) өнөр жайы иштеп, атайын танкерлер (нефть продукциялары жана суюк химикаттар ташы&shy;лат), сүзүп жүрүүчү балык заводдору, аскер кеме&shy;лери (дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүштөрдүн бири), локомотивдер, темир жол үчүн жабдуулар жана башкалар чы&shy;гарылат. Радиоэлектроника, электр-техника, жогор&shy;ку тактыктагы оптикалык жана механикалык приборлор, телекоммуникация, радиоаппаратура жана кеме&shy;лер үчүн жабдуулар, аквалангдар, деңиз мина&shy;лары, тереңдикте колдонулуучу бомбалар жана курал-жарактарды чыгаруу өнүккөн. Кристиан Альбрехт атындагы университет [1665, Германиядагы эң ири университеттердин бири; курамында 165 илимий-изилдөө бөлүм&shy;чөлөрү, анын ичинде институттар; музейлер (зоология, геология, минерал.)], Мутезиус искусство жана дизайн (1907; 2005-жылдан университет), Киль жогорку мектеби (1969), илимий мекемелер, музейлер (анын ичинде искусство жана шаар галереялары, кемечилик, медицина жана фармацевтика тарыхы жана башкалар), театрлар («Шаушпильхаус» 1898; «Опернхаус» 1907), ири концерт залдары, филармониялар бар. Эл ара&shy;лык музыка (1986; 2008-жылы орус музыкасына ар&shy;налган) жана «Киль күндөрүнүн жаңы музыка&shy;лары» (2006; жыл сайын) фестивалдары өткөрүлүп турат. Киль – Европадагы парус спорту&shy;нун ири борборлорунун бири. Килге жакын Моль&shy;фзе шаарында ачык асман астында Шлезвиг-Голь&shy;штейн музейи уюштурулган.
т жүк, 1,7 млн жүргүнчү ташылат; Балтикадагы германиялык порттордун ичинен 2-орунда). Па&shy;ром аркылуу Гётеборг (Швеция), Осло (Норвегия), Клайпеда (Литва), Санкт-Петербург ж-а Кали&shy;нинград (Россия) ш. м-н байланышат.
1242-ж. негизделген. 19-к-дын 2-жарымында
согуш кемелерин куруунун ири борбору болгон. 1860-ж. верфтер курулган. <i>Версаль тынчтык келишими (1919)</i> б-ча верфтеги аскердик өндү&shy;рүш токтотулган. Шаардын эски бөлүгүндө Голь&shy;штейн-Готторп герцогдорунун ак сарайлары (1280-ж. чен, бул жерде 1728-ж. Россия импера&shy;тору Пётр III туулган), ратуша (1907–11), Ыйык
Николай чиркөөсүнүн алдында Э. Барлахтын
«Рух үчүн күрөшүүчү» скульптурасы (1928), «HSH Nordbank AG» банк корпорациясынын 2 штаб&shy;квартирасынын бирөө ж. б. жайгашкан. Маши&shy;на, кеме куруу ж-а ремонттоо, тамак-аш (ба&shy;лык беленделет, тоңдурулат, консерваланат), хим. (а. и. фармацевтика) ж-а жеңил (полигр., эмерек) ө. ж. иштеп, атайын танкерлер (нефть продукциялары ж-а суюк химикаттар ташы&shy;лат), сүзүп жүрүүчү балык з-ддору, аскер кеме&shy;лери (дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүштөрдүн бири), локомотивдер, т. ж. үчүн жабдуулар ж. б. чы&shy;гарылат. Радиоэлектроника, электр-тех., жогор&shy;ку тактыктагы оптикалык ж-а мех. приборлор, телекоммуникация, радиоаппаратура ж-а кеме&shy;лер үчүн жабдуулар, аквалангдар, деңиз мина&shy;лары, тереңдикте колдонулуучу бомбалар ж-а курал-жарактарды чыгаруу өнүккөн. Кристиан Альбрехт атн. ун-т [1665, Германиядагы эң ири ун-ттердин бири; курамында 165 ил.-из. бөлүм&shy;чөлөрү, а. и. ин-ттар; музейлер (зоол., геол., минерал.)], Мутезиус иск-во ж-а дизайн (1907; 2005-жылдан ун-т), Киль жогорку мектеби (1969), ил. мекемелер, музейлер (а. и. иск-во ж-а шаар галереялары, кемечилик, медицина ж-а фармацевтика тарыхы ж. б.), театрлар («Шаушпильхаус» 1898; «Опернхаус» 1907), ири концерт залдары, филармониялар бар. Эл ара&shy;лык музыка (1986; 2008-ж. орус музыкасына ар&shy;налган) ж-а «Киль күндөрүнүн жаңы музыка&shy;л ары» (2006; жыл с айын) фес т ив ал дары
өткөрүлүп турат. К. – Европадагы парус спорту&shy;нун ири борборлорунун бири. К-ге жакын Моль&shy;фзе ш-нда ачык асман астында Шлезвиг-Голь&shy;штейн музейи уюштурулган.
[[Категория:4-том, 257-306 бб]]
[[Категория:4-том, 257-306 бб]]

03:02, 31 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КИЛЬ – Германиянын түндүгүндөгү шаар. Шлез­виг-Гольштейн жеринин (административдик-аймактык бирдик) администрация борбору (1946-жылдан). Балтика деңизинин жээ­гинде, Киль бухтасында жайгашкан. Калкы 248,8 миң (2023). Германия Федеративдик Республикасынын түндүгүндөгү башкы жол тоо­му. Килде ылдам жүрүү үчүн 6 автомагистраль ке­силишет. Маанилүү соода, балык уулоочу жана жүргүнчү ташуучу порт (2006-жыл, жылына 4,4 млн. тонна жүк, 1,7 млн. жүргүнчү ташылат; Балтикадагы германиялык порттордун ичинен 2-орунда).

Шаардын борбордук бөлүгү.

Па­ром аркылуу Гётеборг (Швеция), Осло (Норвегия), Клайпеда (Литва), Санкт-Петербург жана Кали­нинград (Россия) шаарлары менен байланышат. 1242-жылы негизделген. XIX кылымдын 2-жарымында согуш кемелерин куруунун ири борбору болгон. 1860-жылы верфтер курулган. Версаль тынчтык келишими (1919) боюнча верфтеги аскердик өндү­рүш токтотулган. Шаардын эски бөлүгүндө Голь­штейн-Готторп герцогдорунун ак сарайлары (1280-жыл чен, бул жерде 1728-жылы Россия импера­тору Пётр III туулган), ратуша (1907–1911), Ыйык Николай чиркөөсүнүн алдында Э. Барлахтын «Рух үчүн күрөшүүчү» айкели (1928), «HSH Nordbank AG» банк корпорациясынын 2 штаб­-квартирасынын бирөө жана башкалар жайгашкан. Маши­на, кеме куруу жана ремонттоо, тамак-аш (ба­лык беленделет, тоңдурулат, консерваланат), химия (анын ичинде фармацевтика) жана жеңил (полиграфия, эмерек) өнөр жайы иштеп, атайын танкерлер (нефть продукциялары жана суюк химикаттар ташы­лат), сүзүп жүрүүчү балык заводдору, аскер кеме­лери (дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүштөрдүн бири), локомотивдер, темир жол үчүн жабдуулар жана башкалар чы­гарылат. Радиоэлектроника, электр-техника, жогор­ку тактыктагы оптикалык жана механикалык приборлор, телекоммуникация, радиоаппаратура жана кеме­лер үчүн жабдуулар, аквалангдар, деңиз мина­лары, тереңдикте колдонулуучу бомбалар жана курал-жарактарды чыгаруу өнүккөн. Кристиан Альбрехт атындагы университет [1665, Германиядагы эң ири университеттердин бири; курамында 165 илимий-изилдөө бөлүм­чөлөрү, анын ичинде институттар; музейлер (зоология, геология, минерал.)], Мутезиус искусство жана дизайн (1907; 2005-жылдан университет), Киль жогорку мектеби (1969), илимий мекемелер, музейлер (анын ичинде искусство жана шаар галереялары, кемечилик, медицина жана фармацевтика тарыхы жана башкалар), театрлар («Шаушпильхаус» 1898; «Опернхаус» 1907), ири концерт залдары, филармониялар бар. Эл ара­лык музыка (1986; 2008-жылы орус музыкасына ар­налган) жана «Киль күндөрүнүн жаңы музыка­лары» (2006; жыл сайын) фестивалдары өткөрүлүп турат. Киль – Европадагы парус спорту­нун ири борборлорунун бири. Килге жакын Моль­фзе шаарында ачык асман астында Шлезвиг-Голь­штейн музейи уюштурулган.