КИЕВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КИ́ЕВ</b> – Украина | <b type='title'>КИ́ЕВ</b> – Украина Республикасынын борбору (1934-жыл­дан). Баатыр шаар. Киев облусунун административдик борбору. Днепр дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 2,7 млн (2008). Тогуз жолдун тоому. Эл аралык аэро­порттору (Борисполь, Жуляны) бар. Метропо­литен (1960), шаардын борборунда 1905-жыл­дан фуниклёр иштейт. Орус жыл баяндамала­рында алгач 860-жылдан эскерилет. Киевдин ай­магындагы турак-жайлар соңку палеолит доо­руна таандык. Шаардын аты аны негиздеген Кий деген адамдын ысмына байланыштуу деп бол­жошот. Киев чыгыш славяндык полян уруусунун борбору катары биздин замандын VI–VII кылымдарында негизделген. 882-жылдан (князь Олег ээлегенден кийин) 1132-жылга чейин Киев Русунун саясий, маданий жана соода борбору болгон. Кол өнөрчүлүгү, жазуусу, арх­итектурасы өнүгүп, XI кылымда София собору, <i>Киев-Печёра лаврасы</i> курулган. Киевди 1240-жылы декабрда моң­гол-татарлар талкалап, Алтын Ордого баш ий­дирген. 1362-жылы Литва улуу княздыгына кара­ган. Люблин униясы боюнча (1569) Польшанын курамына өткөн. | ||
борбору катары | |||
жылдан (князь Олег ээлегенден кийин) 1132- | |||
чейин Киев Русунун саясий, маданий | |||
[[File:КИЕВ26.png | thumb | Михайлов Златоверхий монастыры. XII–XIII кылымдар. 1997–2000-жылдары реконструкцияланган.]] | |||
Киев 1654-жылдан 1991-жылга чейин Россиянын (кийин СССР), курамында Киев ок­ругунун (1923–1930), Киев облусунун (1932–1934), Украин ССРинин (1934–1991) борбору болгон. Рос­сияга кошулгандан кийин Киев воеводдугунун, 1708-жылдан Киев губерниясынын борбору. 1905–1907-жылдардагы революцияда, Октябрь революциясында Киев Украинадагы революциялык кыймылдын чордону болгон. Улуу Ата Мекендик согушта 1941-жылы 19-сентябрда Киевди немистик фашисттер басып алышкан, ал 1943-жылы 6-ноябрда бошотулган.<br>Өнөр жайынын негизги тармактары: машина ку­руу (анын ичинде «Авиант» авиация заводу, станок, транс­порт, так приборлор, электр-техникалык, радиоэлек­троника жана башкалар), курулуш материалдар, металл иштетүү, химия, нефть-химия, фармацевтика, же­ңил (жибек комбинаты, «Роза» трикотаж фабрика­сы), полиграф, тамак-аш–татымал (нан, конди­тер). Киев <i>орус мамлекетинин</i> маданий жана ди­ний борбору болгондугунан архитектуралык курулуш­тарга бай. Эң белгилүү архитектуралык эстелиги – Киев-Печёра лаврасы. Ошондой эле Успение, София (XI кылым; коңгуроо мунарасы XVII–XIX кылымдар), Владимир (XIX кылым) соборлору, Алтын көпүрө (XI кылым), Выду­бецкий монастыры (XI кылым), Спас (XI кылымдын аягы –XII кылымдын башы), Кирилловск (XII кылым), Андреевск (XVIII кылым) чиркөөлөрү сакталган. Киев-Фергана лав­расы менен София собору ансамбли <i>Бүткүл дүйнөлүк мурастар</i> тизмесине кирген. 1947–1954-жылдары шаардын Крещатик көчөсүндөгү ансамбль (Улуу Ата Мекендик согушта талкаланган) ка­лыбына келтирилген. 1960–1980-жылдары Русановка, Оболонь жана башка турак жай массивдери курулуп, көптөгөн эстеликтер (анын ичинде Богдан Хмельницкий, Т. Шевченко, А. С. Пушкин, Леся Украинка жана башкалар, белгисиз жоокердин бейитиндеги обе­лиск), | |||
[[File:КИЕВ26.png | thumb | Михайлов Златоверхий монастыры. | |||
Украин ССРинин ( | |||
Киев-Печёра лаврасы. | |||
( | |||
дүйнөлүк | |||
Оболонь | |||
[[File:КИЕВ27.png | thumb | Киевдин Днепрдин сол жээгиндеги жаңы бөлүгү.]] | [[File:КИЕВ27.png | thumb | Киевдин Днепрдин сол жээгиндеги жаңы бөлүгү.]] | ||
мемориалдык комплекс [«Улуу Ата Ме­кендик согуш (1941–1945) тарыхый улуттук му­зейи»] бар. Киевде илимдер академиясы, 70ке жакын жогорку окуу жайлар (анын ичинде университет, консерватория), китепканалар, 15ке жакын театр (анын ичинде опера жана балет), 30га жакын музей (анын ичинде Т. Г. Шевченко адабий-көркөм, тарых, Украина сүрөт, орус, Батыш жана Чы­гыш искусстволору, улуттук тиричилик жана архитекту­ра, Киевдин тарыхы, элдик декорация искусствосу, адабият жана искусство архив-музейи, медицина тары­хы жана башкалар), филармония, А. В. Довженко атындагы киностудия (1928), стадион бар. Жылуулук электр борбору, гидроэлектр станциясы жана мамлекеттик райондук электр станциясы иштейт. Эл аралык музыка сынактары, кино фестивалдар өткөрүлүп турат. Украинадагы туризмдин (жы­лына 0,6 млн; анын ичиндн 0,2 млну чет өлкөлүктөр) эң ири борбору. | |||
өткөрүлүп турат. Украинадагы туризмдин (жы­лына 0,6 млн; | |||
Ад.: Киев // Большая Российская Энциклопедия, Т. 13, М., 2009. | Ад.: Киев // Большая Российская Энциклопедия, Т. 13, М., 2009. | ||
[[Категория:4-том, 257-306 бб]] | [[Категория:4-том, 257-306 бб]] | ||
07:55, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КИ́ЕВ – Украина Республикасынын борбору (1934-жылдан). Баатыр шаар. Киев облусунун административдик борбору. Днепр дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 2,7 млн (2008). Тогуз жолдун тоому. Эл аралык аэропорттору (Борисполь, Жуляны) бар. Метрополитен (1960), шаардын борборунда 1905-жылдан фуниклёр иштейт. Орус жыл баяндамаларында алгач 860-жылдан эскерилет. Киевдин аймагындагы турак-жайлар соңку палеолит дооруна таандык. Шаардын аты аны негиздеген Кий деген адамдын ысмына байланыштуу деп болжошот. Киев чыгыш славяндык полян уруусунун борбору катары биздин замандын VI–VII кылымдарында негизделген. 882-жылдан (князь Олег ээлегенден кийин) 1132-жылга чейин Киев Русунун саясий, маданий жана соода борбору болгон. Кол өнөрчүлүгү, жазуусу, архитектурасы өнүгүп, XI кылымда София собору, Киев-Печёра лаврасы курулган. Киевди 1240-жылы декабрда моңгол-татарлар талкалап, Алтын Ордого баш ийдирген. 1362-жылы Литва улуу княздыгына караган. Люблин униясы боюнча (1569) Польшанын курамына өткөн.

Киев 1654-жылдан 1991-жылга чейин Россиянын (кийин СССР), курамында Киев округунун (1923–1930), Киев облусунун (1932–1934), Украин ССРинин (1934–1991) борбору болгон. Россияга кошулгандан кийин Киев воеводдугунун, 1708-жылдан Киев губерниясынын борбору. 1905–1907-жылдардагы революцияда, Октябрь революциясында Киев Украинадагы революциялык кыймылдын чордону болгон. Улуу Ата Мекендик согушта 1941-жылы 19-сентябрда Киевди немистик фашисттер басып алышкан, ал 1943-жылы 6-ноябрда бошотулган.
Өнөр жайынын негизги тармактары: машина куруу (анын ичинде «Авиант» авиация заводу, станок, транспорт, так приборлор, электр-техникалык, радиоэлектроника жана башкалар), курулуш материалдар, металл иштетүү, химия, нефть-химия, фармацевтика, жеңил (жибек комбинаты, «Роза» трикотаж фабрикасы), полиграф, тамак-аш–татымал (нан, кондитер). Киев орус мамлекетинин маданий жана диний борбору болгондугунан архитектуралык курулуштарга бай. Эң белгилүү архитектуралык эстелиги – Киев-Печёра лаврасы. Ошондой эле Успение, София (XI кылым; коңгуроо мунарасы XVII–XIX кылымдар), Владимир (XIX кылым) соборлору, Алтын көпүрө (XI кылым), Выдубецкий монастыры (XI кылым), Спас (XI кылымдын аягы –XII кылымдын башы), Кирилловск (XII кылым), Андреевск (XVIII кылым) чиркөөлөрү сакталган. Киев-Фергана лаврасы менен София собору ансамбли Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. 1947–1954-жылдары шаардын Крещатик көчөсүндөгү ансамбль (Улуу Ата Мекендик согушта талкаланган) калыбына келтирилген. 1960–1980-жылдары Русановка, Оболонь жана башка турак жай массивдери курулуп, көптөгөн эстеликтер (анын ичинде Богдан Хмельницкий, Т. Шевченко, А. С. Пушкин, Леся Украинка жана башкалар, белгисиз жоокердин бейитиндеги обелиск),

мемориалдык комплекс [«Улуу Ата Мекендик согуш (1941–1945) тарыхый улуттук музейи»] бар. Киевде илимдер академиясы, 70ке жакын жогорку окуу жайлар (анын ичинде университет, консерватория), китепканалар, 15ке жакын театр (анын ичинде опера жана балет), 30га жакын музей (анын ичинде Т. Г. Шевченко адабий-көркөм, тарых, Украина сүрөт, орус, Батыш жана Чыгыш искусстволору, улуттук тиричилик жана архитектура, Киевдин тарыхы, элдик декорация искусствосу, адабият жана искусство архив-музейи, медицина тарыхы жана башкалар), филармония, А. В. Довженко атындагы киностудия (1928), стадион бар. Жылуулук электр борбору, гидроэлектр станциясы жана мамлекеттик райондук электр станциясы иштейт. Эл аралык музыка сынактары, кино фестивалдар өткөрүлүп турат. Украинадагы туризмдин (жылына 0,6 млн; анын ичиндн 0,2 млну чет өлкөлүктөр) эң ири борбору.
Ад.: Киев // Большая Российская Энциклопедия, Т. 13, М., 2009.