КЕРКИРА: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕ́РКИРА</b> – Грекиядагы шаар. Керкира ному­нун ( | <b type='title'>КЕ́РКИРА</b> – Грекиядагы шаар. Керкира ному­нун (административдик-аймактык бирдик) администрация борбору. Керкира (Корфу) аралында жайгашкан. Калкы 25,6 миң (2008). Иония деңизиндеги порт. Эл аралык аэро­порту бар. Биздин заманга чейинки IV кылымда негизделген. XIX кылымдын неоклассикалык архитектура комплекстери менен ай­ырмаланат. Шаардын борбордук бөлүгүндөгү орто кы­лымдын курулуштары <i>Бүткүл дүйнөлүк мурас­тар</i> тизмесине киргизилген. Шаар ландшафты­нын эки доминантасына Эски (Пале-Фьорио) жана Жаңы (Нео-Фьорио) венециялык чептер кыз­мат кылат. Эски чепте (1550–1559; учурда музей) Ыйык Георгий чиркөөсү жана башкалар жайгашса, жа­ңысында туризм өнүгүп, Грекиянын Аскер-де­ңиз флоту жайгашкан. Керкиранын башкы аянтында Ыйык Михаил жана Георгий ак сарайлары (1819–1824), музыкалык павильон, монумент, чиркөөлөр, Агиа-Керкира базиликасынын урандылары жаана башкалар бар. | ||
Ыйык Георгий чиркөөсү | |||
[[File:КЕРКИРА6.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү, арткы планда эски чеп.]] | [[File:КЕРКИРА6.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү, арткы планда эски чеп.]] | ||
Шаардын экономикасынын негизин турист бизнеси түзөт. Тамак-аш (сүт, эт, май­, сыр; кинкандан ликёр даярдалат), текстиль өнөр жай ишканалары жана самын кайнатуучу завод иштейт. Деңизден балык кармалат. Иония ун­иверситети (1824, Иония академиясы; 1985-жылдан азыркыдай аталат), музейлер (анын ичинде археология, карапа, банкнот жана башкалар), искусство галереясы, театр­лар бар. Фестивалдар жана жыл сайын карна­валдар (XVII кылымдан) өткөрүлүп турат. Аквапарк курулган. Шаардан түштүктө Артемида дорий (биздин заманга чейинки VI кылымдын башы) жана Гера храмдары­нын урандылары (биздин заманга чейинки IV кылым) жана башкалар сакталган. Керкирадан батышта маанилүү курорт борбору Палео­кастрица жайгашкан. | |||
иштейт. Деңизден балык кармалат. Иония ун­ | |||
[[Категория:4-том, 257-306 бб]] | [[Категория:4-том, 257-306 бб]] | ||
10:22, 25 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕ́РКИРА – Грекиядагы шаар. Керкира номунун (административдик-аймактык бирдик) администрация борбору. Керкира (Корфу) аралында жайгашкан. Калкы 25,6 миң (2008). Иония деңизиндеги порт. Эл аралык аэропорту бар. Биздин заманга чейинки IV кылымда негизделген. XIX кылымдын неоклассикалык архитектура комплекстери менен айырмаланат. Шаардын борбордук бөлүгүндөгү орто кылымдын курулуштары Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Шаар ландшафтынын эки доминантасына Эски (Пале-Фьорио) жана Жаңы (Нео-Фьорио) венециялык чептер кызмат кылат. Эски чепте (1550–1559; учурда музей) Ыйык Георгий чиркөөсү жана башкалар жайгашса, жаңысында туризм өнүгүп, Грекиянын Аскер-деңиз флоту жайгашкан. Керкиранын башкы аянтында Ыйык Михаил жана Георгий ак сарайлары (1819–1824), музыкалык павильон, монумент, чиркөөлөр, Агиа-Керкира базиликасынын урандылары жаана башкалар бар.

Шаардын экономикасынын негизин турист бизнеси түзөт. Тамак-аш (сүт, эт, май, сыр; кинкандан ликёр даярдалат), текстиль өнөр жай ишканалары жана самын кайнатуучу завод иштейт. Деңизден балык кармалат. Иония университети (1824, Иония академиясы; 1985-жылдан азыркыдай аталат), музейлер (анын ичинде археология, карапа, банкнот жана башкалар), искусство галереясы, театрлар бар. Фестивалдар жана жыл сайын карнавалдар (XVII кылымдан) өткөрүлүп турат. Аквапарк курулган. Шаардан түштүктө Артемида дорий (биздин заманга чейинки VI кылымдын башы) жана Гера храмдарынын урандылары (биздин заманга чейинки IV кылым) жана башкалар сакталган. Керкирадан батышта маанилүү курорт борбору Палеокастрица жайгашкан.