КЕҢ-КОЛ КӨРҮСТӨНҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'> | <b type='title'>КЕҢ-КОЛ КӨРҮСТӨНҮ –</b> II–V кылымдарга таандык ар­хеологиялык эстелик. Талас өрөөнүндө Кеңкол суусу­нун сол өйүзүндөгү тектирде, Манас чокусунун түндүк-чыгыш жана чыгыш жагында жайгашкан. 100гө жакын таш дөбө жана топурак дөбө кор­гондордон турат. Соңку коло доорундагы | ||
[[File:КЕҢКОЛ КӨРҮСТӨНҮ41.png | thumb | none]] | [[File:КЕҢКОЛ КӨРҮСТӨНҮ41.png | thumb | none]] | ||
коргондор да бар. Таш-Дөбө коргондун диаметри 6– 15 <i>м</i>, бийиктиги 0,3–1,2 <i>м</i>. Ал эми топурак дөбөнүн диаметри 8–12 <i>м</i>, бийиктиги 0,5–1 <i>м</i>. Дөбөнүн ал­дында дромос (өткөөл) жана жарма мүрзө жай­гашкан. Өткөөл тик бурчтук формасында, узундугу 2–8 <i>м</i>, туурасы 0,7–1,2 <i>м</i>. бийиктиги 0,8–1,2 <i>м</i>; таш такталар менен жабылып коюлган. Дромос жарма мүрзөгө перпендикуляр жатат. Мүрзөлөр сүйрү келип, узундугу 2–3 <i>м</i>, туурасы 1–2 <i>м</i>, бийиктиги 0,8–1,2 <i>м</i>. Маркумдардын сөөгү чалкасынан жат­кырылып, башы түндүк-чыгышты карай караты­лып, алдына тактай төшөлүп, кээде арча та­быттарга коюлган. Көпчүлүгүнүн башы дефор­мацияланган. Алар бирден, экиден, кээде тобу менен көмүлгөн. Көрлөрдөгү буюм-тайымдар ба­йыркы убакта эле уурдалганына карабастан, анда карапа идиштер, жыгач чөйчөк, оймо-чий­меленип жасалган таманы жайпак жыгач идиш­тер (кумара, табак жана башкалар), айрым убакта согул­ган себет, буттары бар жыгач үстөл, көп санда­ган кооздук буюмдар (сөйкө, чолпу, шуру, биле­рик, шакек, күмүш күзгү, каш боёчу таякча жана башкалар), үй-тиричилик буюмдары (темир бычак, бүлөө, ийик жана башкалар), курал-жарак (жаа, учу те­мир жебе, канжар жана башкалар), жүндөн, жибектен жасалган кийимдердин калдыктары, такасы жок булгаары өтүк жана башкалар табылган. 1938–1939-жылдары А. Н. Бернштам изилдеген. Ал 12 дөбө-коргонду казган, анын 11и жарма мүрзө болгон. 1956–1957, 1960-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Талас археологиялык отряды (жетекчиси: Ы. Кожомбердиев) дагы 26 жарма мүрзөнү казган. 2001–2002-жылдары археолог Б. Аманбаева казып, сөөк буюмдарды жана башкаларды тап­кан. | |||
2–8 <i>м</i>, туурасы 0,7–1,2 <i>м</i>. | |||
таш такталар | |||
сүйрү келип, | |||
жок булгаары өтүк | |||
А. Н. Бернштам изилдеген. Ал 12 дөбө-коргонду казган, анын 11и жарма мүрзө болгон. | |||
26 жарма мүрзөнү казган. | |||
Б. Аманбаева казып, сөөк буюмдарды | |||
Ад.: <i>Бернштам</i> А. И. Кенкольский могильник. Л., 1940; Кенкольский могильник. Большая Российская энциклопедия. Т. 13. М., 2009. | |||
Ад.: <i>Бернштам</i> А. И. Кенкольский могильник. Л., | |||
1940; Кенкольский могильник. Большая Российская энциклопедия. Т. 13. М., 2009. | |||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
07:35, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕҢ-КОЛ КӨРҮСТӨНҮ – II–V кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Талас өрөөнүндө Кеңкол суусунун сол өйүзүндөгү тектирде, Манас чокусунун түндүк-чыгыш жана чыгыш жагында жайгашкан. 100гө жакын таш дөбө жана топурак дөбө коргондордон турат. Соңку коло доорундагы

коргондор да бар. Таш-Дөбө коргондун диаметри 6– 15 м, бийиктиги 0,3–1,2 м. Ал эми топурак дөбөнүн диаметри 8–12 м, бийиктиги 0,5–1 м. Дөбөнүн алдында дромос (өткөөл) жана жарма мүрзө жайгашкан. Өткөөл тик бурчтук формасында, узундугу 2–8 м, туурасы 0,7–1,2 м. бийиктиги 0,8–1,2 м; таш такталар менен жабылып коюлган. Дромос жарма мүрзөгө перпендикуляр жатат. Мүрзөлөр сүйрү келип, узундугу 2–3 м, туурасы 1–2 м, бийиктиги 0,8–1,2 м. Маркумдардын сөөгү чалкасынан жаткырылып, башы түндүк-чыгышты карай каратылып, алдына тактай төшөлүп, кээде арча табыттарга коюлган. Көпчүлүгүнүн башы деформацияланган. Алар бирден, экиден, кээде тобу менен көмүлгөн. Көрлөрдөгү буюм-тайымдар байыркы убакта эле уурдалганына карабастан, анда карапа идиштер, жыгач чөйчөк, оймо-чиймеленип жасалган таманы жайпак жыгач идиштер (кумара, табак жана башкалар), айрым убакта согулган себет, буттары бар жыгач үстөл, көп сандаган кооздук буюмдар (сөйкө, чолпу, шуру, билерик, шакек, күмүш күзгү, каш боёчу таякча жана башкалар), үй-тиричилик буюмдары (темир бычак, бүлөө, ийик жана башкалар), курал-жарак (жаа, учу темир жебе, канжар жана башкалар), жүндөн, жибектен жасалган кийимдердин калдыктары, такасы жок булгаары өтүк жана башкалар табылган. 1938–1939-жылдары А. Н. Бернштам изилдеген. Ал 12 дөбө-коргонду казган, анын 11и жарма мүрзө болгон. 1956–1957, 1960-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Талас археологиялык отряды (жетекчиси: Ы. Кожомбердиев) дагы 26 жарма мүрзөнү казган. 2001–2002-жылдары археолог Б. Аманбаева казып, сөөк буюмдарды жана башкаларды тапкан.
Ад.: Бернштам А. И. Кенкольский могильник. Л., 1940; Кенкольский могильник. Большая Российская энциклопедия. Т. 13. М., 2009.