КЕН ЧАЧЫНДЫСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕН ЧАЧЫНДЫСЫ</b> , к о р у м к е н и – | <b type='title'>КЕН ЧАЧЫНДЫСЫ</b> , к о р у м к е н и – арасында кымбат баалуу минералдар кездешкен борпоң тектер. Нукура тектер м-н кенташтар­дын физикалык-химиялык жол м-н талкаланышынан пай­да болот. Эгерде кен алгачкы талкаланган жер­де топтолсо, элювий, суу агызып бир жерге чо­гулса – аллювий, деңиз жээгине жыйылса – ла­териттик болуп бөлүнөт. Пайда болуу мезгили­не жараша азыркы учурдагы (антропоген мез­гилиндеги), байыркы убактагы (неоген мезги­лине чейинки) түрлөрдөн турат. Орун алып жай­гашуусу боюнча ачык (жер үстүндө), көмүскө же жабык (борпоң тектер көөмп калган) түрдө кез­дешет. Алтын, платина, алмаз, циркон, титан, касситерит, шеелит сыяктуу оор салмактагы, физикалык-химиялык процесстерге туруктуу, оңой талка­ланбаган минералдар жолугат. Кээ бир кымбат баалуу кендерди өндүрүп алууда зор мааниге ээ. Алмаз, вольфрам, калай кендеринин дүйнөлүк запасынын теңи – чачыранды кендер. | ||
арасында кымбат баалуу минералдар кездешкен борпоң тектер. Нукура тектер м-н кенташтар­дын | |||
запасынын теңи – чачыранды кендер. | |||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
07:59, 19 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕН ЧАЧЫНДЫСЫ , к о р у м к е н и – арасында кымбат баалуу минералдар кездешкен борпоң тектер. Нукура тектер м-н кенташтардын физикалык-химиялык жол м-н талкаланышынан пайда болот. Эгерде кен алгачкы талкаланган жерде топтолсо, элювий, суу агызып бир жерге чогулса – аллювий, деңиз жээгине жыйылса – латериттик болуп бөлүнөт. Пайда болуу мезгилине жараша азыркы учурдагы (антропоген мезгилиндеги), байыркы убактагы (неоген мезгилине чейинки) түрлөрдөн турат. Орун алып жайгашуусу боюнча ачык (жер үстүндө), көмүскө же жабык (борпоң тектер көөмп калган) түрдө кездешет. Алтын, платина, алмаз, циркон, титан, касситерит, шеелит сыяктуу оор салмактагы, физикалык-химиялык процесстерге туруктуу, оңой талкаланбаган минералдар жолугат. Кээ бир кымбат баалуу кендерди өндүрүп алууда зор мааниге ээ. Алмаз, вольфрам, калай кендеринин дүйнөлүк запасынын теңи – чачыранды кендер.