КЕН КАЗУУ ЫКМАЛАРЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕН КАЗУУ ЫКМАЛАРЫ</b> – кен байлыкты ка­зып алууга даярдоо, казып алуу, жүктөө, та­шуу жумуштары. Чалгындоо иштери жүргүзүл­гөн, | <b type='title'>КЕН КАЗУУ ЫКМАЛАРЫ</b> – кен байлыкты ка­зып алууга даярдоо, казып алуу, жүктөө, та­шуу жумуштары. Чалгындоо иштери жүргүзүл­гөн, техникалык-экономикалык шарты аныкталган, казып алууга ылайыкталган учурда тоо-кен ишканаларын, турак-жай, маданий-тиричилик мекемелерин, ар кандай курулуштарды куруу маселелерин ишке ашыруу ыкмалары. Кендин тибине, өлчөмүнө, орун алган шартына, казмалардын түрүнө, сапа­ты м-н өнөр жайлык запасына жараша көптөгөн тоо-кен ишканалары (шахта, рудник, карьер) ишке киргизилет. Шахта же карьер талаасы аныкталат. Шахта талаасы өз ичинен кабат­тарга, панелдерге, блокторго бөлүнөт. Өткөөлдөр даярдалат. Бекиткичтер тургузулат, кендерди тоо тектеринен бөлүү, тазалоо иштери жүргү­зүлөт. Кен казылып алынгандан кийин анын ордунда пайда болгон боштуктар да пайдаланы­лат. Мында үңүлмөгө жакын жердеги жумуш­чулар м-н жабдуулар жайгашкан боштук үңүлмө жанындагы жумушчу боштугу деп аталат. Жумушчу боштугунун айланасындагы тектердин жылып же урап кетүүсүнөн сактануу үчүн тоо­кен басымы аныкталат. Боштук бекитилет, уратылат. Жер астында иштөө үчүн атайын ме­ханизмдер колдонулат. Казылган кендер кулап түшөт же вагондорго жүктөлөт. Анан стволдо­гу аянтка жеткирилет. Конвейерлер м-н ташы­лат. Көтөргүч механизмдер ствол аркылуу сырт­ка чыгарат. | ||
Ад.: <i>Белоусов В. В.</i> Структурная геология. М., 1986; <i>Круть И. В.</i> Развитие общенаучных оснований геоло­гии. М., 1995; Месторождение металлических полез­ных ископаемых. 2-е изд. М., 2005; <i>Старостин В. И., Игнатов П. А.</i> Геология полезных ископаемых. 2-е изд. М., 2006. | |||
Ад.: <i>Белоусов В. В.</i> Структурная геология. М., 1986; | |||
<i>Круть И. В.</i> Развитие общенаучных оснований геоло­гии. М., 1995; Месторождение металлических полез­ных ископаемых. 2-е изд. М., 2005; <i>Старостин В. И., Игнатов П. А.</i> Геология полезных ископаемых. 2-е изд. М., 2006. | |||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
07:40, 19 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕН КАЗУУ ЫКМАЛАРЫ – кен байлыкты казып алууга даярдоо, казып алуу, жүктөө, ташуу жумуштары. Чалгындоо иштери жүргүзүлгөн, техникалык-экономикалык шарты аныкталган, казып алууга ылайыкталган учурда тоо-кен ишканаларын, турак-жай, маданий-тиричилик мекемелерин, ар кандай курулуштарды куруу маселелерин ишке ашыруу ыкмалары. Кендин тибине, өлчөмүнө, орун алган шартына, казмалардын түрүнө, сапаты м-н өнөр жайлык запасына жараша көптөгөн тоо-кен ишканалары (шахта, рудник, карьер) ишке киргизилет. Шахта же карьер талаасы аныкталат. Шахта талаасы өз ичинен кабаттарга, панелдерге, блокторго бөлүнөт. Өткөөлдөр даярдалат. Бекиткичтер тургузулат, кендерди тоо тектеринен бөлүү, тазалоо иштери жүргүзүлөт. Кен казылып алынгандан кийин анын ордунда пайда болгон боштуктар да пайдаланылат. Мында үңүлмөгө жакын жердеги жумушчулар м-н жабдуулар жайгашкан боштук үңүлмө жанындагы жумушчу боштугу деп аталат. Жумушчу боштугунун айланасындагы тектердин жылып же урап кетүүсүнөн сактануу үчүн тоокен басымы аныкталат. Боштук бекитилет, уратылат. Жер астында иштөө үчүн атайын механизмдер колдонулат. Казылган кендер кулап түшөт же вагондорго жүктөлөт. Анан стволдогу аянтка жеткирилет. Конвейерлер м-н ташылат. Көтөргүч механизмдер ствол аркылуу сыртка чыгарат.
Ад.: Белоусов В. В. Структурная геология. М., 1986; Круть И. В. Развитие общенаучных оснований геологии. М., 1995; Месторождение металлических полезных ископаемых. 2-е изд. М., 2005; Старостин В. И., Игнатов П. А. Геология полезных ископаемых. 2-е изд. М., 2006.