КЕН ЗАПАСЫН ЭСЕПТӨӨ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕН ЗАПАСЫН ЭСЕПТӨӨ</b> – кенташтын кура­мындагы минералдык сырьёнун сапатын, са­нын, өлчөмүн аныктоо. Мында кендердин чал­гындоо даражасы, орун алуу тартиби, сапаты, саны, өлчөмү, чеги, эл чарбасындагы мааниси, казып алуу мүмкүнчүлүгү, жайгашуу тартиби, жалпы шарты такталат. Кендерди чалгындоо­нун бардык этабында запасы аныктала берет. Эң алгачкы чалгындоодогу маалыматтар | <b type='title'>КЕН ЗАПАСЫН ЭСЕПТӨӨ</b> – кенташтын кура­мындагы минералдык сырьёнун сапатын, са­нын, өлчөмүн аныктоо. Мында кендердин чал­гындоо даражасы, орун алуу тартиби, сапаты, саны, өлчөмү, чеги, эл чарбасындагы мааниси, казып алуу мүмкүнчүлүгү, жайгашуу тартиби, жалпы шарты такталат. Кендерди чалгындоо­нун бардык этабында запасы аныктала берет. Эң алгачкы чалгындоодогу маалыматтар боюнча запасты эсептөө м-н техникалык-экономикалык доклад (ТЭД) даярдалат. Кендин кондициясы түзүлөт. Тийиш­түү кенташтын запасы, баалуулугу аныкталат. Бул көрсөткүчтөр кийин тоо-кен мекемелерин долбоорлоодо негизги документ болуп калат. Кендин алгачкы ж-а такталгандан кийинки за­пасын запас боюнча мамлекеттик комиссия бекитет. Кен­дин запасы экономикалык жактан казып алууга жарак­туу (баланстык) же азырынча пайдаланууга жа­раксыз (баланстан тышкары) экендиги анык­талат. Булардын ар бири кен байлыктын чал­гындалган даражасына, изилденип чыккан са­патына, казып алуу шартына байланыштуу 4 категорияны (А, В, С ж-а С<sub>2</sub>) түзөт. Кендин та­ралышы чектелбей, кенташтын сапаты анык­талбай, жалпы геологиялык маалыматтарга карап бол­жолдуу алынган запас прогноздук же геологиялык за­пас деп аталат. | ||
Ад.: <i>Смирнов В. Н. и др.</i> Подсчёт запасов месторож­дений полезных ископаемых. М., 1960; <i>Коган И. Д.</i> Подсчёт запасов и геолого-промышленная оценка рудных месторождений. М., 1974. | Ад.: <i>Смирнов В. Н. и др.</i> Подсчёт запасов месторож­дений полезных ископаемых. М., 1960; <i>Коган И. Д.</i> Подсчёт запасов и геолого-промышленная оценка рудных месторождений. М., 1974. | ||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
07:16, 19 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕН ЗАПАСЫН ЭСЕПТӨӨ – кенташтын курамындагы минералдык сырьёнун сапатын, санын, өлчөмүн аныктоо. Мында кендердин чалгындоо даражасы, орун алуу тартиби, сапаты, саны, өлчөмү, чеги, эл чарбасындагы мааниси, казып алуу мүмкүнчүлүгү, жайгашуу тартиби, жалпы шарты такталат. Кендерди чалгындоонун бардык этабында запасы аныктала берет. Эң алгачкы чалгындоодогу маалыматтар боюнча запасты эсептөө м-н техникалык-экономикалык доклад (ТЭД) даярдалат. Кендин кондициясы түзүлөт. Тийиштүү кенташтын запасы, баалуулугу аныкталат. Бул көрсөткүчтөр кийин тоо-кен мекемелерин долбоорлоодо негизги документ болуп калат. Кендин алгачкы ж-а такталгандан кийинки запасын запас боюнча мамлекеттик комиссия бекитет. Кендин запасы экономикалык жактан казып алууга жарактуу (баланстык) же азырынча пайдаланууга жараксыз (баланстан тышкары) экендиги аныкталат. Булардын ар бири кен байлыктын чалгындалган даражасына, изилденип чыккан сапатына, казып алуу шартына байланыштуу 4 категорияны (А, В, С ж-а С2) түзөт. Кендин таралышы чектелбей, кенташтын сапаты аныкталбай, жалпы геологиялык маалыматтарга карап болжолдуу алынган запас прогноздук же геологиялык запас деп аталат.
Ад.: Смирнов В. Н. и др. Подсчёт запасов месторождений полезных ископаемых. М., 1960; Коган И. Д. Подсчёт запасов и геолого-промышленная оценка рудных месторождений. М., 1974.