КЕНЕ ДАН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕНЕ ДАН</b> (Ricinus L.) – сүт тикендер тукумун­дагы көп жылдык өсүмдүк уруусу. Бир түрү | <b type='title'>КЕНЕ ДАН</b> (Ricinus L.) – сүт тикендер тукумун­дагы көп жылдык өсүмдүк уруусу. Бир түрү –кадимки кене дан (R. communis L.) бар. Ал бир нече түрчөгө бөлүнөт. Анын ичинде көп эгилгендери: перс, сангвинеус, Занзибар ж-а кытай кене даны (уругунан май алынат). Африкада кене дан бадал же дарак (бийиктиги 10 <i>м</i>дей) түрүндө өсөт. КМШ өлкөлөрүндө негизинен перс, сангвинеус кене даны ж-а гибрид сорттору эгилет. Өзөк тамырлуу өсүмдүк; сабагы (бийиктиги 1 –2 <i>м</i>, айрымдары 4 <i>м</i>ге чейин) түз, бутактанып өсөт. Heгизги сөңгөгүндө 5–20 чоң жалбырак өсүп чыгат. Топ гүлү манжа сымал. Кайчылаш чаңдашат. Мөмөсү үч уялуу (ар уяда бирден урук болот), тоголок же сүйрү чанак (топ гүлүндө 15–300 чанак болот); 1000 уругунун салмагы 200–500 <i>г</i>. Кене данда рицин белогу, рицинин алкалоиди бар; адам ж-а мал үчүн уулуу. Жылуу (уругу 10°Сде өнөт), кара топу­рактуу жерде жакшы өсөт. Уругунан кастор майы (60%) алынып, медицинада ж. б. пайдаланы­лат. Кене дандын күнжарасы мыкты жер семирткич болот. Сабак буласынан кап, жип жасалат. Кене дандын зыянкечтери: зым сымак курттар, күздүкчү үкүчө ж. б.; илдеттери – боз чирик ж. б. | ||
перс, сангвинеус, Занзибар ж-а кытай | |||
өлкөлөрүндө негизинен перс, сангвинеус | |||
ж-а гибрид сорттору эгилет. Өзөк тамырлуу | |||
өсүмдүк; сабагы ( | |||
чейин) түз, бутактанып өсөт. Heгизги сөңгөгүндө | |||
5–20 чоң жалбырак өсүп чыгат. Топ гүлү манжа | |||
сымал. Кайчылаш чаңдашат. Мөмөсү үч уялуу (ар уяда бирден урук болот), тоголок же сүйрү | |||
чанак (топ гүлүндө 15–300 чанак болот); 1000 | |||
уругунун | |||
рицинин алкалоиди бар; адам ж-а мал үчүн уулуу. Жылуу (уругу 10°Сде өнөт), кара топу­рактуу жерде жакшы өсөт. Уругунан кастор майы (60%) алынып, медицинада ж. б. пайдаланы­лат. | |||
ж. б.; илдеттери – боз чирик ж. б. | |||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
09:48, 19 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕНЕ ДАН (Ricinus L.) – сүт тикендер тукумундагы көп жылдык өсүмдүк уруусу. Бир түрү –кадимки кене дан (R. communis L.) бар. Ал бир нече түрчөгө бөлүнөт. Анын ичинде көп эгилгендери: перс, сангвинеус, Занзибар ж-а кытай кене даны (уругунан май алынат). Африкада кене дан бадал же дарак (бийиктиги 10 мдей) түрүндө өсөт. КМШ өлкөлөрүндө негизинен перс, сангвинеус кене даны ж-а гибрид сорттору эгилет. Өзөк тамырлуу өсүмдүк; сабагы (бийиктиги 1 –2 м, айрымдары 4 мге чейин) түз, бутактанып өсөт. Heгизги сөңгөгүндө 5–20 чоң жалбырак өсүп чыгат. Топ гүлү манжа сымал. Кайчылаш чаңдашат. Мөмөсү үч уялуу (ар уяда бирден урук болот), тоголок же сүйрү чанак (топ гүлүндө 15–300 чанак болот); 1000 уругунун салмагы 200–500 г. Кене данда рицин белогу, рицинин алкалоиди бар; адам ж-а мал үчүн уулуу. Жылуу (уругу 10°Сде өнөт), кара топурактуу жерде жакшы өсөт. Уругунан кастор майы (60%) алынып, медицинада ж. б. пайдаланылат. Кене дандын күнжарасы мыкты жер семирткич болот. Сабак буласынан кап, жип жасалат. Кене дандын зыянкечтери: зым сымак курттар, күздүкчү үкүчө ж. б.; илдеттери – боз чирик ж. б.