КЕМБРИЙГЕ ЧЕЙИНКИ МЕЗГИЛ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕМБРИЙГЕ ЧЕЙИНКИ МЕЗГИЛ</b> – жер кыр­тышынын | <b type='title'>КЕМБРИЙГЕ ЧЕЙИНКИ МЕЗГИЛ</b> – жер кыр­тышынын геологиялык өсүп-өнүгүү тарыхындагы эң ал­гачкы мезгил; кембрий мезгилине чейин пайда болгон байыркы тектердин катмарлары. Азыр­кы күндөн 570–3500 млн жыл мурдагы геологиялык өсүп-өнүгүүлөрдү кучагына алып, узактыгы 2,9 млрд жылдан ашат. Эң байыркы тектердин пайда болуу жашы 3,5 млрд жылга жетет. Бул мезгил өз ичинен архей ж-а протерозой заман­дарынан турат. Алардын чек арасы 2,5–2,7 млрд жыл илгери болуп өткөн ири бүктөлүү циклде­ри ж-а граниттешүү процесстери м-н аныкталат. Кембрийге чейинки мезгилдин эл аралык стратигрологиялык ж-а геохронологиялык бирдиктүү шкаласы азырынча кабыл алына элек. Архей заманында пайда болгон тектер ба­йыркы платформалардын астыңкы бөлүгүн (фундаментин) түзөт. Алар өтө метаморфизмдел­ген тектерден (гнейс, амфиболит, мегматит, кристаллдуу сланец, кээде жеспилит, кварцит, мрамор ж. б.) турат. Андан кийин пайда бол­гон тектер байыркы платформалардын жабуу­су болуп эсептелет. Мында өтө метаморфизм­делбеген кристаллдуу сланецтер, кварцтуу кум­дук, кварцит, чополуу сланец, филлит ж-а ар кандай жанартоо тектери орун алган. Тектер­дин арасында органикалык калдыктар жокко эсе. Ске­леттүү организм жолукпайт. Строматолиттер (көгүш жашыл балырлар), онколиттер (бакте­риялар), акретархтар, сабелидиттер, байыркы курттар (аннелиттер), медуза сыяктуулар кез­дешет. Темир, алюминий, марганец, алтын, мра­мор, жез, никель, кобальт, коргошун, сейрек учуроочу металлдар ж. б. топтолгон. Тоо текте­ри бардык материктерде: Чыгыш Европа, Си­бирь, Кытай-Корей, Түштүк Кытай, Индстан, Түндүк Америка, Түштүк Америка, Африка, Австралия, Антарктида, Кыргызстанда (Түндүк ж-а Ортоңку Теңир-Тоодо) жолугат. | ||
өсүп-өнүгүүлөрдү кучагына алып, узактыгы 2,9 млрд жылдан ашат. Эң байыркы тектердин пайда болуу жашы 3,5 млрд жылга жетет. Бул мезгил өз ичинен архей ж-а протерозой заман­дарынан турат. Алардын чек арасы 2,5–2,7 млрд | |||
жыл илгери болуп өткөн ири бүктөлүү циклде­ри ж-а граниттешүү процесстери м-н аныкталат. | |||
Тоодо) жолугат. | |||
Ад.: <i>Салоп Л. И.</i> Общая стратиграфическая шкала докембрия. М., 1973; <i>Семихагов М. А.</i> Стратиграфия и геохронология протерозоя. М., 1974; <i>Хаин В. Е., Божко Н. А.</i> Историческая геотектоника: Докембрий. М., 1988; <i>Хаин В. Е.</i> Тектоника континентов и океанов (год 2000), М., 2001; <i>Жамойда А. П.</i> Современные проблемы международной (общей) стратиграфической шкалы//Литосфера. 2005. ¹ 1 (22). | Ад.: <i>Салоп Л. И.</i> Общая стратиграфическая шкала докембрия. М., 1973; <i>Семихагов М. А.</i> Стратиграфия и геохронология протерозоя. М., 1974; <i>Хаин В. Е., Божко Н. А.</i> Историческая геотектоника: Докембрий. М., 1988; <i>Хаин В. Е.</i> Тектоника континентов и океанов (год 2000), М., 2001; <i>Жамойда А. П.</i> Современные проблемы международной (общей) стратиграфической шкалы//Литосфера. 2005. ¹ 1 (22). | ||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
05:42, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕМБРИЙГЕ ЧЕЙИНКИ МЕЗГИЛ – жер кыртышынын геологиялык өсүп-өнүгүү тарыхындагы эң алгачкы мезгил; кембрий мезгилине чейин пайда болгон байыркы тектердин катмарлары. Азыркы күндөн 570–3500 млн жыл мурдагы геологиялык өсүп-өнүгүүлөрдү кучагына алып, узактыгы 2,9 млрд жылдан ашат. Эң байыркы тектердин пайда болуу жашы 3,5 млрд жылга жетет. Бул мезгил өз ичинен архей ж-а протерозой замандарынан турат. Алардын чек арасы 2,5–2,7 млрд жыл илгери болуп өткөн ири бүктөлүү циклдери ж-а граниттешүү процесстери м-н аныкталат. Кембрийге чейинки мезгилдин эл аралык стратигрологиялык ж-а геохронологиялык бирдиктүү шкаласы азырынча кабыл алына элек. Архей заманында пайда болгон тектер байыркы платформалардын астыңкы бөлүгүн (фундаментин) түзөт. Алар өтө метаморфизмделген тектерден (гнейс, амфиболит, мегматит, кристаллдуу сланец, кээде жеспилит, кварцит, мрамор ж. б.) турат. Андан кийин пайда болгон тектер байыркы платформалардын жабуусу болуп эсептелет. Мында өтө метаморфизмделбеген кристаллдуу сланецтер, кварцтуу кумдук, кварцит, чополуу сланец, филлит ж-а ар кандай жанартоо тектери орун алган. Тектердин арасында органикалык калдыктар жокко эсе. Скелеттүү организм жолукпайт. Строматолиттер (көгүш жашыл балырлар), онколиттер (бактериялар), акретархтар, сабелидиттер, байыркы курттар (аннелиттер), медуза сыяктуулар кездешет. Темир, алюминий, марганец, алтын, мрамор, жез, никель, кобальт, коргошун, сейрек учуроочу металлдар ж. б. топтолгон. Тоо тектери бардык материктерде: Чыгыш Европа, Сибирь, Кытай-Корей, Түштүк Кытай, Индстан, Түндүк Америка, Түштүк Америка, Африка, Австралия, Антарктида, Кыргызстанда (Түндүк ж-а Ортоңку Теңир-Тоодо) жолугат.
Ад.: Салоп Л. И. Общая стратиграфическая шкала докембрия. М., 1973; Семихагов М. А. Стратиграфия и геохронология протерозоя. М., 1974; Хаин В. Е., Божко Н. А. Историческая геотектоника: Докембрий. М., 1988; Хаин В. Е. Тектоника континентов и океанов (год 2000), М., 2001; Жамойда А. П. Современные проблемы международной (общей) стратиграфической шкалы//Литосфера. 2005. ¹ 1 (22).