КЕЛИШИМ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕЛИШИМ – </b>жарандык укукта эки же андан | <b type='title'>КЕЛИШИМ – </b>жарандык укукта эки же андан көп адамдын жарандык укуктарды ж-а милдет­терди (карыз, сатуу, сатып алуу, көтөрүп алуу ж. б.) белгилөө, өзгөртүү же жоюу жөнүндө макул­дашуусу. Келишим оозеки, жазуу жүзүндө же нотариал­дык формада жарандар, укуктук жактар ж-а мамлекет тарабынан түзүлөт. Келишимдин кээ бир түр­лөрү тиешелүү мамлекеттик органдарда катталууга ти­йиш (мисалы, турак үйдү сатуу, сатып алуу келишими ж. б.). Келишим түзүү тараптардын өз ара мамилеле­ринин өзгөчөлүктөрүн, жекече мүдөөлөрдү эске алууга мүмкүндүк берет, ошондой эле анын катышуу­чуларынын укугуна кепилдик берет. Келишимдин шар­тын бир тараптуу өзгөртүүгө жол берилбейт, эгер аны тараптардын бири бузса, келтирилген зы­яндын ордун төлөөгө тийиш. Келишим тышкы соода иштеринде да кеңири пайдаланылып, контракт деп аталат. Келишимди түзүү, аткаруу эрежеси мамле­кеттин жарандык кодексинде каралган. Зарыл­дыгына жараша пландуу же плансыз келишим, түзүлүү тартибине жараша консенстүү (тараптардын ма­кулдашуусу), реалдуу (мүлктү өткөрүп берүү талап кылынат, мисалы, <i>ташуу, карыз, сактоо</i>) ж-а формалдуу (кат жүзүндө же нотариалдык формада) келишим түзүлөт. Көпчүлүк келишимге акы төлөнөт, кээ бир келишимдер (белекке берүү, пайдаланууга берүү, сактоого коюу) акысыз болот. Келишим шарттарын ат­карбагандык же толук аткарбагандык үчүн кү­нөөлүү тарап жарандык укуктук жоопко тар­тылып, мыйзамда же келишимде көрсөтүлгөн айыпты төлөйт же зыяндын ордун толтурат. | ||
көп адамдын жарандык укуктарды ж-а милдет­терди (карыз, сатуу, сатып алуу, көтөрүп алуу ж. б.) белгилөө, өзгөртүү же жоюу | |||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
04:37, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕЛИШИМ – жарандык укукта эки же андан көп адамдын жарандык укуктарды ж-а милдеттерди (карыз, сатуу, сатып алуу, көтөрүп алуу ж. б.) белгилөө, өзгөртүү же жоюу жөнүндө макулдашуусу. Келишим оозеки, жазуу жүзүндө же нотариалдык формада жарандар, укуктук жактар ж-а мамлекет тарабынан түзүлөт. Келишимдин кээ бир түрлөрү тиешелүү мамлекеттик органдарда катталууга тийиш (мисалы, турак үйдү сатуу, сатып алуу келишими ж. б.). Келишим түзүү тараптардын өз ара мамилелеринин өзгөчөлүктөрүн, жекече мүдөөлөрдү эске алууга мүмкүндүк берет, ошондой эле анын катышуучуларынын укугуна кепилдик берет. Келишимдин шартын бир тараптуу өзгөртүүгө жол берилбейт, эгер аны тараптардын бири бузса, келтирилген зыяндын ордун төлөөгө тийиш. Келишим тышкы соода иштеринде да кеңири пайдаланылып, контракт деп аталат. Келишимди түзүү, аткаруу эрежеси мамлекеттин жарандык кодексинде каралган. Зарылдыгына жараша пландуу же плансыз келишим, түзүлүү тартибине жараша консенстүү (тараптардын макулдашуусу), реалдуу (мүлктү өткөрүп берүү талап кылынат, мисалы, ташуу, карыз, сактоо) ж-а формалдуу (кат жүзүндө же нотариалдык формада) келишим түзүлөт. Көпчүлүк келишимге акы төлөнөт, кээ бир келишимдер (белекке берүү, пайдаланууга берүү, сактоого коюу) акысыз болот. Келишим шарттарын аткарбагандык же толук аткарбагандык үчүн күнөөлүү тарап жарандык укуктук жоопко тартылып, мыйзамда же келишимде көрсөтүлгөн айыпты төлөйт же зыяндын ордун толтурат.