«КЕДЕЙКАН»: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>«КЕДЕЙКАН»</b> – кыргыз эл дастаны. Анда со­циалдык мамилелер курч көрсөтүлүп, таптык жиктелүү ачык байкалат. Ушундан улам бул дастан феодалдык-патриархалдык мамилелер | <b type='title'>«КЕДЕЙКАН»</b> – кыргыз эл дастаны. Анда со­циалдык мамилелер курч көрсөтүлүп, таптык жиктелүү ачык байкалат. Ушундан улам бул дастан феодалдык-патриархалдык мамилелер өкүм сүрүп турган мезгилде пайда болгон деп болжолдоого болот. Эки варианты бар. Бирин­чиси – Калык Акыевдин айтуусундагы Токтогулдун варианты, 1938-жылы жарык көргөн. Ал 1954-жылы Токтогул Сатылгановдун ыр жыйнагы­на басылган. Экинчиси – К. Мифтаков Алым­кул Үсөнбаевден жазып алган вариант. «Кедейкан» дас­танынын баш каармандары – Керээз (Кедейкан), Гүлсаана кемпир жана Азимкан. Керээз жетим өсүп, эр жеткенде кан болот. Ал жаштайынан эмгекчил, ар нерсеге жөндөмдүү болуп өсөт, акылмандыгы, айлакердиги менен Азимканды жеңип, бийликке жетет. Такка отурган күндөн эле Кедейкан карапайым элдин акыл-насаатын, кеп-кеңешин угуп, адилет мамиле кылат. Гүл­саана – жетим-жесирге кайрымдуу, мээримдүү жана меймандос каарман. Кедейканды да Гүлсаана багып тарбиялап өстүрөт. Элге үстөккө-босток салык салып, тегерегине эшен, кожо-молдолор­ду топтоп, элди алдап жүргөн Азимкан элдик көз караштан алганда зулумдугу үчүн жазала­нат. «Кедейкан» – көркөмдүк жактан жетик жана идея­сы терең, кыргыз элинин дүйнөгө көз карашын, түшүнүгүн, ой-санаасын, тилегин чагылдырган тарбиялык мааниси зор чыгарма. | ||
өкүм сүрүп турган мезгилде пайда болгон деп | |||
болжолдоого болот. Эки варианты бар. Бирин­чиси – Калык Акыевдин айтуусундагы | |||
Гүлсаана кемпир | |||
өсүп, эр жеткенде кан болот. Ал жаштайынан эмгекчил, ар нерсеге жөндөмдүү болуп өсөт, акылмандыгы, айлакердиги | |||
түшүнүгүн, ой-санаасын, тилегин чагылдырган тарбиялык мааниси зор чыгарма. | |||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
08:15, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
«КЕДЕЙКАН» – кыргыз эл дастаны. Анда социалдык мамилелер курч көрсөтүлүп, таптык жиктелүү ачык байкалат. Ушундан улам бул дастан феодалдык-патриархалдык мамилелер өкүм сүрүп турган мезгилде пайда болгон деп болжолдоого болот. Эки варианты бар. Биринчиси – Калык Акыевдин айтуусундагы Токтогулдун варианты, 1938-жылы жарык көргөн. Ал 1954-жылы Токтогул Сатылгановдун ыр жыйнагына басылган. Экинчиси – К. Мифтаков Алымкул Үсөнбаевден жазып алган вариант. «Кедейкан» дастанынын баш каармандары – Керээз (Кедейкан), Гүлсаана кемпир жана Азимкан. Керээз жетим өсүп, эр жеткенде кан болот. Ал жаштайынан эмгекчил, ар нерсеге жөндөмдүү болуп өсөт, акылмандыгы, айлакердиги менен Азимканды жеңип, бийликке жетет. Такка отурган күндөн эле Кедейкан карапайым элдин акыл-насаатын, кеп-кеңешин угуп, адилет мамиле кылат. Гүлсаана – жетим-жесирге кайрымдуу, мээримдүү жана меймандос каарман. Кедейканды да Гүлсаана багып тарбиялап өстүрөт. Элге үстөккө-босток салык салып, тегерегине эшен, кожо-молдолорду топтоп, элди алдап жүргөн Азимкан элдик көз караштан алганда зулумдугу үчүн жазаланат. «Кедейкан» – көркөмдүк жактан жетик жана идеясы терең, кыргыз элинин дүйнөгө көз карашын, түшүнүгүн, ой-санаасын, тилегин чагылдырган тарбиялык мааниси зор чыгарма.