КАНОЭ (кичине кайык): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

05:03, 6 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы

КАНО́Э (испанча canoa – кичине кайык; кариб индейлеринин тилинен өздөштүрүлгөн) – 1) Түндүк Америка индейлеринин жыгачтын чулу сөңгөгүнөн оюп жасалган же жыгач каркасы тери менен капталган кайыгы; калак бекитүүчү оюк­тары жок, бир жагы менен шилөөчү калактары болот; 2) спорттук чакан кайык. Анын чоңду­гу, салмагы, формасы мелдеш эрежелерине ылайыкталып курулат. Каноэ боюнча эл аралык фе­дерация 1946-жылы уюушулган.