КАНОН (философияда): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

03:40, 6 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы

КАНО́Н ф и л о с о ф и я д а – өзгөрбөс, бу­зулбас катары кабылданган (догмат түрүндөгү) жоболор, эрежелер, нарк-насилдер. 1) Библия канону чиркөө «кудайдын деми сиңген» деп эсепте­ген ж-а таат-ибадат кылууда «ыйык жазуу» ка­тары колдонулган Библия китептеринин жы­йындысы. Православие, католик, протестант чиркөөлөрүнүн канондорунда айырмачылыктар бар; 2) чиркөөлүк канон – догматика, ырым-жырым, чиркөө ишин уюштурууда христиан чиркөөсү мыйзамдаштырган эрежелер; 3) өтмө мааниде – жалпы кабыл алынып, биротоло бекитилген жоболор.