КАМЕНСКИЙ Михаил Давыдович: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАМЕНСКИЙ to КАМЕНСКИЙ Михаил Давыдович) |
(Айырма жок)
| |
09:57, 28 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАМЕ́НСКИЙ (Э й д и с) Михаил Давыдович (декабрь, 1889, Киев губерниясы, Звенигород уезди, Шпола кыштагы – өлгөн жылы ж-а жери белгисиз) –советтик ж-а партиялык ишмер. Москвадагы 2 жылдык марксизм-ленинизм курсун (1926) бүтүргөн. Падышалык бийлик тушунда революциялык ийримдерге катышкан деген айып м-н камалган (1907). 1907–11-жылдарда түрмөдө отуруп, жашыруун революциялык иштерди жүргүзгөн. 1911–17-жылдарда армияда кызмат өтөп, 1918–19-жылдарда Украинада ар кандай партиялык, советтик кызматтарда, 1921–24-жылдарда Томск губерниялык комитетинде уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 1924-жылдан РКП(б) БК Орто Азия боюнча бюросунун Фергана облустук бөлүмүнүн башчысы, 1924-жылы ноябрдан 1925-жылы августка чейин партиянын Кыргыз обкомунун 1-секретары. Каменский чарбалык тажрыйбасы жок, сабаты тайкы ж-а жергиликтүү элдин маданий-турмушун жакшы билбегендигине карабастан, саясий багытты түшүнгөн, жазма ж-а оозеки көрсөтмөлөрдү, партиялык чечимдерди так аткарган. Өздөрүн батрак катары көрсөткөн адамдарга (Кудайкулов, Бабаханов) таянып, Кыргыз обкому ж-а облустук аткомундагы жооптуу кызматкерлерди (жергиликтүү лидерлерди) Москвадан чакырылган адистер м-н алмаштыруусу кыргыз жетекчилердин нааразычылыгын туудурган. Натыйжада И. Айдарбеков, Т. Кудайбергенов, А. Сыдыков ж. б. башында турган топ обкомдун туура эмес линиясына каршы кат даярдап, ага 30 киши кол койгон. Ал кат тарыхта «отузчулардын арызы» же обкомго каршы манифест катары белгилүү. Улут саясатын ишке ашырууда мекеме-ишканаларда кыргыз тилинин абалынын төмөндүгү, мамлекеттик, партиялык аппаратка кадр тандоодо жеке адамдын көз карашы, кыргыз кадрларын бийликтен четтетүү, куугунтукка алуу ж. б. облустагы саясий абалдын курчушуна, ачык күрөшкө алып келгендиги катта көрсөтүлгөн. 1925-жылы 29–30-июлда РКП(б) нин Орто Азия боюнча бюросунун жыйыны текшерүү комиссиясынын докладын угуп, «отузчулардын арызын» ж-а аракетин партияга каршы, улутчулдук, бай-манаптык топ катары баалаган. Каменский 1926–41-жылдарда Түндүк Кавказ крайкомунда, Чечен облустук партиялык уюмунда, Шахты, Саратов, Ярославль шаарларында партиялык жооптуу кызматтарда, 1941–44-жылдарда Кыргызстандагы Красная Речка МТСинин директору, 1945-жылдан СССР айыл чарба министрлигинин башкы башкармалыгында улук экономист болуп иштеген.