КАЛПАК БААТЫР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАЛПАК БААТЫР</b> '''Стамбек уулу''' (болжол м-н 1805-1847, Мазарлуу Кара-Суу, азыркы Кант шаарына жакын) – казактар м-н согушта (к. <i>Кене&shy;сарынын чапкыны</i>) эрдик көрсөткөн баатырлар&shy;дын бири. Казактар келип, капысынан Калпак&shy;тын айылын курчап калганда, чөгөрүлгөн төөлөргө жашынып, аларды аткылап, айылга жолотпой турган. Инилери Мамбет, Түлөкабыл&shy;дар м-н казактардын чабуулун үч жолу кайрып, куйган огу түгөнгөндө, кыз-келиндердин шуру-&shy;мончокторун салып аткылаган. Бетине жабы&shy;шып калган шуру экенин билип калган казак&shy;тар күн чыга жапырт ат коюп, айылга кирип келген. Бул согушта 18 жаштагы Мамбет м-н Калпак баатырдын 28 үй-бүлө мүчөсү, жакын тууганы Су&shy;банбек кошо өлгөн. Түлөкабыл казакты аралай чаап кутулуп кеткен. 19 жеринен ок жеп, жа&shy;радар болгон Калпак баатырды казактар кылычтап өлтүрүп, сөөгүн төөнүн үстүнө жайып кетишкен. Оозеки фольклордо Калпак баатырдын эрдиги жөнүндө көптөгөн аңыз кептер айтылып калган.
<b type='title'>КАЛПАК БААТЫР</b> '''Стамбек уулу''' (болжол менен 1805-1847, Мазарлуу Кара-Суу, азыркы [[Кант шаары]]на жакын) – [[казактар]] менен согушта (кара: [[Кенесарынын чапкыны|Кене&shy;сары хандын чапкыны]]) эрдик көрсөткөн баатырлар&shy;дын бири. Казактар келип, капысынан Калпак&shy;тын айылын курчап калганда, чөгөрүлгөн төөлөргө жашынып, аларды аткылап, айылга жолотпой турган. Инилери Мамбет, Түлөкабыл&shy;дар менен казактардын чабуулун үч жолу кайрып, куйган огу түгөнгөндө, мылтыгына кыз-келиндердин шуру-&shy;мончокторун салып аткылаган. Бетине жабы&shy;шып калган шуру экенин билип калган казак&shy;тар күн чыга жапырт ат коюп, айылга кирип келген. Бул согушта 18 жаштагы Мамбет менен Калпак баатырдын 28 үй-бүлө мүчөсү, жакын тууганы Су&shy;банбек кошо өлгөн. Түлөкабыл казакты аралай чаап кутулуп кеткен. 19 жеринен ок жеп, жа&shy;радар болгон Калпак баатырды казактар кылычтап өлтүрүп, сөөгүн төөнүн үстүнө жайып кетишкен. Оозеки [[фольклор]]лордо Калпак баатырдын эрдиги жөнүндө көптөгөн аңыз кептер айтылып калган.


Ад.: <i>Солтоноев Б.</i> Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1. Б., 1993; <i>Эсенкул Төрөкан уулу.</i> Кыргыздын кыскача санжырасы. Т. 1. Б., 1995.  
Ад.: <i>Солтоноев Б.</i> Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1. Б., 1993; <i>Эсенкул Төрөкан уулу.</i> Кыргыздын кыскача санжырасы. Т. 1. Б., 1995.  
<p align='right'><i type='author'>Э. Турганбаев.</i></p>
<p align='right'><i type='author'>Э. Турганбаев.</i></p>
[[Категория:4-том, 1-50 бб]]
[[Категория:4-том, 1-50 бб]]

02:27, 13 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КАЛПАК БААТЫР Стамбек уулу (болжол менен 1805-1847, Мазарлуу Кара-Суу, азыркы Кант шаарына жакын) – казактар менен согушта (кара: Кене­сары хандын чапкыны) эрдик көрсөткөн баатырлар­дын бири. Казактар келип, капысынан Калпак­тын айылын курчап калганда, чөгөрүлгөн төөлөргө жашынып, аларды аткылап, айылга жолотпой турган. Инилери Мамбет, Түлөкабыл­дар менен казактардын чабуулун үч жолу кайрып, куйган огу түгөнгөндө, мылтыгына кыз-келиндердин шуру-­мончокторун салып аткылаган. Бетине жабы­шып калган шуру экенин билип калган казак­тар күн чыга жапырт ат коюп, айылга кирип келген. Бул согушта 18 жаштагы Мамбет менен Калпак баатырдын 28 үй-бүлө мүчөсү, жакын тууганы Су­банбек кошо өлгөн. Түлөкабыл казакты аралай чаап кутулуп кеткен. 19 жеринен ок жеп, жа­радар болгон Калпак баатырды казактар кылычтап өлтүрүп, сөөгүн төөнүн үстүнө жайып кетишкен. Оозеки фольклорлордо Калпак баатырдын эрдиги жөнүндө көптөгөн аңыз кептер айтылып калган.

Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1. Б., 1993; Эсенкул Төрөкан уулу. Кыргыздын кыскача санжырасы. Т. 1. Б., 1995.

Э. Турганбаев.