КАРРАЧЧИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
(Айырма жок)

09:31, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КАРРА́ЧЧИ (Carracci) – италян сүрөтчүлөрдүн үй-­бүлөсү. Академизм өкүлдөрү. Лодовико Карраччи (19. 4. 1555, Болонья – 13 же 14. 11. 1619, ошол эле жер) жана анын ата өтүшкөн туугандары Агос­тино Карраччи (15. 8. 1557, Болонья – 22. 3. –1602, Парма) жана Аннибале Карраччи (3. 11. 1560, Болонья – 15. 07. – 1609, Рим) менен бирге Коррежо – Мике­ланжело жана Тинторетто жана башкалардын ыкмаларын колдонуу менен өз стилин жаратышкан. Болонья шаарында академиялык искусствонун принциптерин иштеп чы­гууда маанилүү роль ойногон «Туура жолго түшкөндөрдүн академиясын» түзүшкөн (1585-жыл чен). Алтардык сүрөттөрдүн монументтик ком­позициясы боюнча жарашыктуу жана колорити боюнча шаңдуу жаңы түрүн жаратышкан («Мадонна

Аннибале Каррачи (Агостино Каррачи менен бирге). «Ариадна менен Вакханын триумфу». Римдеги Па­лаццо Фарнезенин галереясындагы параддык пла­фондон фрагмент.

Баржеллини» – 1588; «Марияны даңазалоо» – 1592). Бир тууган Карраччилердин чыгармачылыгы XVII кылымдагы Европа искусствосунда 2 негизги багыттын – ба­рокконун жана классицизмдин калыптанышы­на таасирин тийгизген.